Ноокат: бала бакчаны оңдоодо 800 миң сомдой каражатты «кымыргандарга» кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, Ноокат районундагы Байыш айылынын бала бакчасын оңдоп-түзөө иштеринде мамлекетке 779 миң сом зыян келтирилгени аныкталды.  

Ноокат райондук прокуратурасы Исанов айыл өкмөтүндөгү кызмат адамдары ишкана өкүлдөрү менен келишип алып, Байыш айылындагы бала бакчаны оңдоодо жасалма акт түзүлгөнүн аныктады.

«Бала бакчанын оңдоо иштери боюнча түзүлгөн актта аткарылган иштердин көлөмүн көрсөтүүдө жалган маалыматтар берилген. Текшерүүдө мамлекеттик бюджетке 779 миң сом зыян келтирилгени аныкталды», — деп билдирди Башкы прокуратурадан.

Аталган факт боюнча Исанов айыл өкмөтүндөгү кызмат адамдарына жана ишкана өкүлдөрүнө каршы «ишеним берилген мүлктү ыйгарып алуу», «ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдалануу» жана «кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: