Видео: Милиция Ошто өзүн өлтүрмөкчү болгон кызды тапты

Ош шаарында өзүнө кол салмакчы болгон кыз табылды. Милициядан билдиришкендей, 22 жаштагы кыз мындай кадамга акча маселесинен улам барган болушу ыктымал.

Ош облустук китепканасынын дубалдары менен терезелерине өз өмүрүнө кол салаары жөнүндө жазылган коштошуу каты 6-мартта пайда болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, 7-мартта өзүн өлтүрмөкчү болгон адамдын өздүгү такталып, ал жогорку окуу жайдын студенти болуп чыккан.

«Өзүн өлтүрүү туурасындагы ойлорун жазып калтырган адамдын өздүгү 7-мартта аныкталды. Милиция кызматкерлери кыздын ата-энеси менен жолугуп, аны тез арада психологго алып барууну сунушташты», — деп маалымдашты шаардык милициядан.

Милициянын маалыматына ылайык, кыздын мындай абалга келүүсүнө акча маселеси түрткү болгон.