Сагынбаев Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Дамир Сагынбаев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Дамир Сагынбаев бул кызматка дайындалганга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеген. Ал бул кызматта үч ай эмгектенди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Сагынбаевдин дайындалышы боюнча жарлыкка 12-мартта кол койду.

Өткөн жылдын 20-декабрынан тарта Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басарлык кызматын ээлеп келген.

Ал кызматтык жолун 1995-жылы Токмок шаарынын ИИБнин тергөөчүсү катары баштаган. Сагынбаев 2002-2004-жылдары Кыргызстандын Ички иштер министрлигине (ИИМ) караштуу илимий-изилдөө борборундагы бөлүмдүн начальниги болуп иштеген.

Ал эми 2004-2009-жылдары Сагынбаев президенттик аппараттын алдындагы коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдө эксперт болуп иштеген.

Кийинчерээк Сагынбаев Убактылуу өкмөттө коргоо жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмдүн инспекторлук кызматын ээлеп, андан соң Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик комитетте иштөөгө өткөн.

Коопсуздук кеңешине катчынын биринчи орун басары болуп дайындалганга чейин Сагынбаев 2016-жылдан тарта Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.

Коопсуздук Кеңеш Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн камсыздаган саясатты иштеп чыгат.

Коопсуздук кеңешин президент башкарат, ал эми анын мүчөлөрү болуп бийликтин бардык бутактарында жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлер эсептелет.