ЖМК: Илмиянов менен Сатыбалдиев журналисттер менен соттошот

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов менен экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Ихлас» курулуш компаниясына ыктымал тиешеси бар экени тууралуу макала үчүн журналисттерди сотко беришет.

Икрамжан Илмиянов «Азаттык» үналгысына «Ихлас» компаниясына «эч кандай тиешеси жок экенин» жана аны буга байланыштырган бир нече ЖМКларды сотко бергени жатканын билдирген.

«Бир нече сайттар "Илмиянов менен Сатыбалдиевдин "Ихлас" фирмасы беш гектар жерди кантип ээлеп алды?" деген ат коюп алып жазышты. Божомолдоп, "мүмкүн, имиш" деп жазса да мейли эми, бирок бул жерде туура эмес маалыматты "туура" деп жазып коюптур. Минтип жазгандан кийин, анын ичинде далилдерди кошуп жазышы керек эле. Мен муну ушул бойдон калтырбайм, адвокат иштеп жатат», — деп билдирген Илмиянов.

Ал соттошкону жаткан басылмаларды атаган жок, бирок «Kyrgyztoday» басылмасы билдиргендей, ушул эле себептерге байланыштуу ал менен мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да соттошмокчу.

Ал эми Сатыбалдиев өзүнүн «Ихласка» тиешеси бардыгын «жалган» деп атады.  

«Ихластын» негиздөөчүсү Нурбек Осмонов «Азаттык» үналгысына курган маегинде Сатыбалдиев менен Илмияновдун компанияга тиешеси бар экенин жана «Бишкекте бир нече гектар жер тилкеси мыйзамсыз алынганы» боюнча маалыматты четке какты.   

«Kyrgyztoday» басылмасы 11-мартта «Илмиянов менен Сатыбалдиевдин «Ихлас» фирмасы 5 гектар жерди кантип ээлеп алды?» деген аталышта иликтөө жарыялаган.

Анда журналисттер мурдагы премьер-министр Сатыбалдиевдин уулу Жоомарт жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Илмиянов «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан алыс эмес жайгашкан жерде көп кабаттуу имараттарды куруп жаткан «Ихлас» компаниясына ээлик кылышат деп ырасташкан.


ТЕМА БОЮНЧА: