ТИМ: АКШда сексуалдык аракеттер боюнча айыпталган адам Кыргызстандын жараны эсептелет

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Чикагодо сексуалдык аракеттер боюнча шектелип кармалган адам Кыргызстандын жараны болуп эсептелээрин билдирди. Мындан тышкары, полиция ага каршы адам уурдоо жана эркиндиктен мажбурлап ажыратуу боюнча айыптарын тагууда.

ТИМ билдиргендей, кармалган адам Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиликтеринин маалымат базаларында жүргөнүнө карабастан Американын бийлиги расмий түрдө дипломатиялык өкүлчүлүктү кармоо боюнча кабардар кылган эмес.

Кыргызстандын ТИМи кыргыз жараны кармалганы жөнүндө маалыматка далил катары Чикаго полициясынын департаментинин кабарына таянууда.

Полициянын сайтындагы документ чындыгында эле шектүү адам 3-мартта Чикагонун О’Хара аэропортунда кармалганын чагылдырат, бирок анда кармалган адамдын жарандыгы менен улуту көрсөтүлгөн эмес.

Полиция ага оорлотуучу жагдайдагы сексуалдык аракеттерге ошондой эле, адам уурдоого жана эркиндиктен ажыратуу боюнча айыптарды тагууда.

«Спутник» басылмасына кармалган адамдын эжеси менен байланышууга мүмкүн болгон.

«Иним таптакыр урушчаак эмес, анын мүнөзү жеңил», — деп билдирген ал.

Анын айтымында, иниси Чикагодо жети жылдан бери мыйзамдуу түрдө жашап жана иштеп келет. Ал ошол жактан болочок жубайы менен таанышкан жана алардын 1,5 жаштагы баласы бар.

Бул окуя жөнүндө 6-мартта Американын ChicagoTribune басылмасы билдирген. Журналисттер тергөө ишинин материалдарына таянышып, кармалган адам Чикагодо такси кызматында иштегенин жазышкан. Анын машинасына бир кыз отурганда ал адам «кардары мас экенин» байкаган. Ал машинанын эшиктерин бекитип, кардар кызды бир саатан ашуун чыгарбай койгон деп айтылат макалада.

«Ал кардарынан оралдык секс талап кылган. Ал баш тартканда айдоочу кардар кыздан үстүндөгү кийимин чечсе гана кое бере турганын билдирген. Кыз кийимин жарым-жартылай чечкенде ал аны бекем кармап алып, талап койгонун уланткан», — деп айтылат басылманын макаласында.

Басылманын маалыматына ылайык, кардар кыз таксиден кача алганы менен анын айдоочусу жабырлануучуну эки көчө кубалап, жолун тороп, аны машинага кайтарууга аракет кылган.

Ошондон кийин ал колго түшүрүлүп, сот аны күрөө коюу шарты менен бошотуудан баш тарткан.