Ош шаарындагы таштанды калаадан беш чакырым алыс жайгашкан талаага төгүлөт. Ал ДЭУ деп аталган кыштакка чектеш турат. Мындан улам тургундар жугуштуу оорулар катталып, аба булганганына нааразы.

«Ден соолугу начарлаган тургундар»

Жапалак айыл аймагына караштуу ДЭУ тилкесинде миңден ашуун тургун жашайт. Алардын бири жашы 70ти таяган Монускан Тойчиева. Анын айтымында, Союз убагында акыр-чикир төккөн жер өз убагында тазаланып турчу, азыр болсо жакшы каралбай калган.

«Жаан жааган күндөрү таштандыдан агып чыккан суу биз ичип жаткан Араван каналына келип кошулат. Булганган сууну аргасыздан ичебиз. Өткөн жылдын аягында түтүктөр аркылуу таза суу тартып беришкен. Кыштын суугуна чыдабай түтүктөр тоңуп атат. Таштанды ташыган айдоочулор да унааларын каналдын жээгине токтотуп жуушат», — дейт Тойчиева.

Пенсионердин айтымында, кечки саат сегизден кийин жумушчулар таштандыларды өрттөшөт. Бул учурда айылды кара түтүн каптап, сыртта дем алуу оорлошот.

«Ар бир үйдө бирден бала, бирден карыяларыбыз ооруп жатат. Башка айылдарда баарын толук эмдөөдөн өткөрүшүптүр. Бизде болсо ооругандарды гана эмдеп, калгандарыбыз отурабыз. Бийликтегилерге кайрыла берип тажадык, эч кандай жыйынтык болгон жок», — деп кейийт ал.

Тойчиеванын айткандарын айылдын башкы дарыгери Роза Таштанова дагы кубаттады. Таштанованын Жапалак айыл аймагынын башкы дарыгери болуп иштегенине 50 жылдай болуп калды. Анын айтымында, ДЭУ конушуна таштанды талаасы гана эмес, мал жандыктарын көмүүчү жай да жакын. Мындан улам жергиликтүүлөр дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө турушат.

Таштанова айылда астма, жүрөк дарты менен ооруп, кан басымы көтөрүлгөндөр бар экенине токтолду. Ошондой эле ДЭУга таза суу жетпегендиктен жугуштуу оорулар башка айылдарга караганда көп экенин кошумчалады.

«Жай мезгилинде ич өткөк оорусу көп катталат. Мындан улам жыл сайын ич өткөк жана малярияга каршы эмдөө жүргүзүлүп, жашоочулар көзөмөлдөн өтүшөт. Статистика боюнча акыркы үч жылда сарык оорусу көбөйгөн», — дейт айылдык дарыгер.


ДЭУдагы 1300 тургундун ичинен 50сү бир жашка чыга элек балдар. Ал эми 14 жашка чейинки балдардын саны 220ны түзөт.


«Таштанды талаасын зыянсыздаштырууга 800 миң сом»

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Динара Касымова таштанды талаасын дезинфекциялоо жаз, жай, күз мезгилдеринде күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөөрүн билдирди.

«Өткөн жылы “Ош-Тазалыкка” шаардагы дезинфекция иштерине казынадан 800 миң сом бөлүнгөн. Бул суммага таштанды полигону, шаар ичиндеги үкөк жана таштанды салуучу контейнерлер айына 12 жолу дезинфекцияланат. Ал эми кышында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлбөйт. Анткени бул мезгилде чымын-чиркей байкалбайт», — деди Касымова.

Эколог Эгемназар Айдаралиев ишкананын билдирүүсүнө макул эмес. Ал шаардагы үкөктөр менен ДЭУдагы таштанды талаасы дезинфекциядан толук өткөрүлбөйт деген пикирде. Себеби, шаардын дезинфекциялык бекеттин таштандыларды зыянсыздандырууга мүмкүнчүлүгү жетпейт дейт ал.

«Ош шаарындагы дезинфекциялык бекети кичинекей эле ишкана. ДЭУ конушундагы полигонду толугу менен зыяндуу заттардан арылтууга аталган ишкананын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Мекемедеги 4-5 гана жумушчу эки дезинфикатор жана чакан бир унаа менен иш алып барышат. Мындай шартта, аталган борбор шаардын ичиндеги кээ бир жерлерди гана зыянсыздаштыра алат. Полигонду толугу менен дезинфекциалоо үчүн техника, каражат керек», — дейт Айдаралиев.

Экологдун кошумчалашынча, эски таштанды талаасынын аянты эл жашаган аймакка жакындап баратат.

Таштанды полигону толуп калгандыктан аны башка жакка көчүрүүгө убакыт келип жеткенин айтат Ош шаардык мамлекеттик профилактикалык залалсыздандыруу бекетинин башкы дарыгери Айнура Осмоналиева.

«Профилактикалык иш жүргүзгөн шаардагы жападан жалгыз ишканабыз. Өткөн жылы 54 гектар таштанды талаасынын 1 гектар аянтын дезинфекция кылганбыз. Негизи полигонду башка жерге көчүрүү керек. Анткени ал 1959-жылы негизделгендиктен азыркы күндө толуп калган жана эл жашаган конушка жакын жайгашкан», — деди Осмоналиева.

«Жаңы таштанды талаасын курууга 10 млн 950 миң евро»

«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров таштанды талаасын жаңылоо максатында 2012-жылы долбоор сунушташканын билдирди. Мындан улам жаңы полигон курууга Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы 10 млн 950 миң евро бөлүп берген.

Капаровдун айтымында, аталган каражаттын 5 млн евросу кредит катары, калганы гранттык негизде которулган. Ал эми насыя 12 жылдык мөөнөткө берилген. Төлөмдүн беш жылын «Ош-Тазалык» муниципиалдык ишканасы төлөсө, калган жети жылы Ош шаардык бюджетинин эсебинен жабылат.

«Долбоорго ылайык жаңы полигонго Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнөн 29 гектар жер каралган. Учурда жергиликтүү айыл өкмөтүнүн депутаттары менен пикир келишпестик болууда. Айыл депутаттары проектти “бизге өткөрүп бергиле” деп жатышат. Бирок ал айыл өкмөттүн казынасы насыяны төлөөгө дарамети жетпейт. Алар долбоорду ишке ашырууга “Ош-Тазалыкка” уруксат беришсе, жаңы полигонду куруу иштери башталмак. Эгерде Шарк айыл өкмөтүндөгү жер маселеси чечилбесе, бизде альтернативдүү жер бар. Ал эски полигондун жогорку жагында жайгашкан», — деп токтолду ишкананын башчысы Капаров.

Жетекчи ошондой эле учурда колдонулуп жаткан таштанды талаасынын айланасында мурда айылдар болбогондугун айтты. Ал кошумчалагандай, ДЭУга көчүп келгендерге адистер аймакта жашоого болбостугун айтканы менен эл «бизге боло берет» деп коюшкан.


Шаардын таштанды полигону 1959-жылы негизделген, анын жалпы аянты 54 гектарды түзөт. Ага Ош шаарынан күнүнө 1200-1300 куб таштанды төгүлөт — бул 160 унаа менен чыгарылган жок эле дегенде 200 тонна таштанды дегенди билдирет. Ал эми 2017-жылы шаардан чыккан таштандынын көлөмү 448 миң 545 куб метрге жеткен.


Айыл тургундары балдарынын ден соолугуна кабатырланып атышат. Алар таштанды талаасын жабууну же башка жакка көчүрүүнү Ош шаардык мэриясынан ушул күнгө чейин өтүнүп келишкенин айтышат. Антпесе, абасы жана суусу булганган жерде жашоо аларды кооптондурууда.

«Кечиндеси өрттөнгөн чачтын, жүндүн жыты келип, түтүн каптайт. Ошондон улам кыздарыбыздын көздөрүнө тирсек чыгып, шишип чыгууда. Кызым алты жашта, ал барган бала бакчада да көздөрү кызарып ооруган балдар көп», — дешет таштанды талаасына жакын жашаган айылдыктар.

Авторлор: Айгерим Ырысбек кызы, Адилет Абдырасул уулу