«Кантип Бишкек бийлиги борбордун так планы эмне экенин түшүндүрүп бере албай койду?»

Бул колонка шаардык долбоорчу Атай Самыйбектин жеке пикирин билдирет. Материалдын түп нускасы анын фэйсбук барагына жарыяланган.

19-мартта Свердлов райондук администрациясында Бишкектин борбордук бөлүгүнүн так пландаштыруу долбоору (ТПД) боюнча коомдук угуу болуп өттү. Жолугушууга үй башчылар, кварталдык комитеттин өкүлдөрү жана бир нече жарандык активисттер келишти.

Бийлик тарабынан чогулушка Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков, Бишкек башкы архитектуранын начальниги Аскат Түлөбердиев жана планды иштеп чыгышкан Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун өкүлдөрү катышышкан.

Жолугушууда конструктивдүү диалог аз болгону менен эмоционалдуу: ишенбестиктин, ачуулануунун жана үмүтсүздүктүн билдирүүлөрү көп болду. Бардыгы «кандай саламдашса, ошондой жооп» деген принцип боюнча болуп калды.

Планды иштеп чыккандар сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн жана ТПДнын түпкү маанисин жеткиликтүү түшүндүрүп бере алышпай койду. Мындан тышкары, схемаларда көрсөтүлгөн шаар куруу чечимдерине так негиздеме бере алышкан жок.

Алар темадан тышкары суроолорду, жагымсыз мисалдарды жана конструктивдүү эмес сын пикирлерден турган жоопторду алышты.

Эл коркуп атат. Эл өз үйлөрүнүн, жашыл бакчалардын жана гүл бакчалардын бүтүндүгү үчүн коркуп атат. Мен жарандарды түшүнөм. Толук жана түшүнүктүү маалымат жок болсо бардык сунуштар ишенбестикти жана чочулоолорду жаратат.

Cүрөт: Атай Самыйбек

Азыр Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институту менен Бишкек башкы архитектура көп иштеши керек:

• Бардык көрсөтүүчү материалдарды коомчулук үчүн ачыктоо. Ар бир шаардыктын ТПД менен таанышууга мыйзамдуу укугу бар;

• Графикалык сүрөттөп көрсөтүүлөргө (схемаларга) түшүндүрмө жазмалар, маалымкат-негизмелер, эсептөөлөр, негизги шаар куруу чечимдеринин баалары, коомдук муктаждыктар үчүн жана жаңы курулуштар үчүн сатылып алынчу аянттын көлөмү тиркелсин;

• Графикалык сүрөттөп көрсөтүүлөргө шартту белгилерди деталдаштыруу (техникалык мүнөздөмөлөрдү: курулуштун тыгыздыгы, курулуштун максималдуу бийиктиги, кызыл чийинге чейин аралык);

• ТПД боюнча глоссарий түзүү, ал жерде бул документ жөнүндө жөнөкөй адамга түшүнүктүү тил менен жазылган негизги түшүнүктөр жеткиликтүү болушу керек;

• Көп берилчү суроолор бөлүмүн түзүү. Бул бирдей эле суроолорго он жолу жооп бербеш үчүн керектүү;

• Бийлик ТПДны иштеп чыгууда жана ишке ашырууда таяна тургудай бардык укуктук-ченемдик актыларын белгилөө;

• Коомдук угуулардын форматын өзгөртүү. Талкуу башталганга чейин процедура жана эрежелерди түшүндүрүү. Темадан чыгууга жана чагымга мүмкүндүк бербөө.

Бул жерде модератордун иши абдан керек. Өткөн жолугушуу базарга айланып кетти. Элдер бири-биринин сөзүн бөлүп, укпай коюшту. Долбоорчулар «Силер адис эмессиңер. Силер түшүнбөйсүңөр» дегенчеликке салып түзүгүрөөк жоопторду беришкен жок.

Жалпысынан аянычтуу көрүнүш болду. Маселе ТПДда эмес, маселе коммуникацияны түзүүдө болууда. Коомдук угуулар профанацияга айланбашы керек.

Ал процесстин ар бир катышуучусу жанындагысын сыйлап, өз ара түшүнүүгө жана консенсуска келүүгө аракет жасаган конструктивдүү талкуулашуу аянтчасы болушу керек.

P.S. Биз  («Шаардык демилге фонду» — ред.) шаардыктар үчүн ТПДнын бардык маалыматтарын ачуунун үстүндө иштейбиз. Ар бир адамды бул процесске көңүл кош карабоого үндөйбүз. Документтер менен таанышып, сурап, өз келечегиңер үчүн жана шаар келечеги үчүн күрөшкүлө.

Атай Самыйбек