Жээнбековдун иниси Мискенбаевдин сынынан кийин депутаттык мандатты тапшыруудан баш тартты

Парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңештин депутаты жана президенттин иниси Асылбек Жээнбеков анын мурдагы фракциялаш кесиптеши Мээрбек Мискенбаев талап кылгандай өзүнүн парламенттеги депутаттык мандатынан баш тартпайт.

Асылбек Жээнбеков КСДПнын парламенттеги кезексиз жыйынынан кийин мантадын тапшырбай турганын билдирди. Президенттин инисинин айтымында, ал Мискенбаевдин билдирүүлөрүндө «чагымчылдыкты» көрөт.

«Биз эч качан Бакиевдин же Акаевдин жолу менен барбайбыз. Биз агабыздын ыйгарымдарына жана мамлекеттик иштерге кийлигишпейбиз. […] Мени депутаттык мандаттан бир гана эл ажырата алат», — деди Жээнбеков.

Асылбек Жээнбеков — 2017-жылдын октябрындагы шайлоодон кийин президент болуп калган Сооронбай Жээнбековдун иниси.

Мискенбаев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкери. Ал 17-марттагы митингде Жээнбековдун инисинин депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылган.

Мурдагы депутаттын айтымында, Сооронбай Жээнбеков эгерде президент болуп калса анын иниси парламенттеги кызматынан кетээрин убада кылган.

Бирок Асылбек Жээнбеков мандатты тапшыруу жөнүндө сөз болбогонун жана «болушу да мүмкүн эместигин» айтууда.

Мискенбаевдин билдирүүлөрү буга чейинки президенттер Акаев жана Бакиевдер менен болгон Жээнбековдор тарабынан кландык же үй-бүлөөлүк башкаруу болуп кетиши ыктымалдыгы жөнүндө кооптонууларына байланыштуу.

«Президент Сооронбай Жээнбековду үй-бүлөлүк-кландык, авторитардык башкарууну калыбына келтирүүнү эңсегендерге моюн сунбоого чакырабыз. "Тууган-урук", "ака-үка" дегенди токтотуш керек, урматтуу туугандар. Мыйзам баарыбызга бирдей», — деп билдирген ал.

Ал эми Мискенбаев өзү депутаттык кызматты 2015-жылдан тарта 2016-жылдын октябрына чейин аркалаган. Ал өз мандатын Кара-Кече көмүр кенине байланыштуу чырдын шартында тапшырган. Мындан тышкары, Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин жетектейт, ага 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик алмышап жаткан учурда каза тапкан адамдардын туугандары кирет.


ТЕМА БОЮНЧА: