Рита 65 жашта. Мурда ал банкта бухгалтер болуп иштеген, ал эми азыр пенсияда — ай сайын ал 6300 сом алат. Бул акча жашоого жетпейт, ошондуктан ал Бишкекте такси кызматын көрсөтүп иштейт. Журналист Клара Летко пенсионер-таксист аял болуу кандай экенин билиш үчүн Рита менен бир түн өткөрдү.

Ританын ысымы анын өтүнүчү боюнча өзгөртүлдү.

«Бул электрониканы кантип колдонуу керек экенин түшүнбөйм», — деп нааразы болду Рита өзүнүп кнопкалары бар эски телефонун көрсөтүү менен. Ал такситтер үчүн мобилдик колдонмолорду пайдаланбай, эски адат боюнча кардарларды өзү издейт. Мына 10 жылдан бери ал жума жана ишемби күндөрү түнкүсүн Бишкектин көңүл ачуу клубдарынын кардарларын үйлөрүнө жеткирип иштеп келет.

Мындай жайлардын биринин жанына токтоп, ал түнкүсүн иштей турганын түшүндүрдү, анткени күндүзгү унаа тыгындарын жек көрөт. Ошол маалда клубдан такси издеп, шуба жана каблук кийген кыз чыгып калды.

«Такси! Такси! Чоң кыз, арзан такси!» — деп кыйкырды Рита терезеден. Бирок потенциалдуу кардар өз смартфонунан машина чакыруу менен ага көңүл бурбады. Бир нече мүнөттөн кийин ага келген машинага отуруп жылып кетти.

Бишкекте такси кызматтарында канча аял иштегени боюнча так статистика жок. Jorgo, Namba, Alfa Taxi, SMS Taxi жана Yandex кызматтары андай маалымат бере алышкан жок, бирок бардыгына, Бишкекте кимдир бирөө кээде такси колдонуп жүргөн болсо, таксисттердин арасында аялдар бирин-серин эле экенин түшүнөт.

Жашыруун калууну суранган Ританын кесиптештеринин бири Бишкекте такси кызматтарында иштеген аялдар коомдун калыптанган ойлорунан жабыркап келишет деп айтты. «Элдер бизди жаман айдайт деп ойлошот, чынында бул карандай калп», — дейт ал.

Клара Летконун Kloop.kg үчүн сүрөтү

Бычак көтөргөн кардар

Башка Бишкектик таксист аял Жыпара Рита такси кызматтары менен курулай эле кызматташпай жүрөт деп эсептейт. «Мобилдик колдонмолор жок иштөө абдан кооптуу», — дейт ал.

Жыпара өзү Jorgo Taxi менен кызматташат жана бул кызматта колдонмолор менен иштөө ага бир гана кардар издөөгө кеткен убакытты үнөмдөөгө гана мүмкүндүк бербестен, өз жумушун коопсуз да кылат деп айтты.

Такситтер мобилдик колдонмолор менен иштегенде жок дегенде аларды чакырган кардардын номерин билип алышат. Бирок ошондой болсо да Жыпара өз коопсуздугун эске алып, түнкү саат бирге чейин эле иштейт.

Ал таксисттердин арасында жада калса өз ара байланыш үчүн WhatsApp-тайпа да бар экенин кошумчалады. Бирок Рита өзүнүн кнопкалуу телефону менен четте калууда.

Ал кардарлардын көпчүлүгү ага сый-урмат менен мамиле кылып, өзүн «эже» деп аташаарын айтты. «Биздин менталитет боюнча биз улууларды, өзгөчө, аялдарды сыйлашыбыз керек», — дейт Рита жылмайып.

Бирок менталитет аны жумуш учурунда бир нече жолу жагымсыз окуялардан сактап калган эмес.

Клара Летконун Kloop.kg үчүн сүрөтү

Рита далай жолу үйлөрүнө мас болгон жаш балдарды жеткирген. Бир жолу түнкүсүн Бишкектин ээн көчөсүнөн аны жаштардын бири токтотуп, үйүнө жеткирип коюуну суранган.

«Анын акчасы жок экен, — деп эстеди Рита, — бирок жакшылыктын акыбети кайтышы үчүн адамдарга жакшылык кылуу керек. Кээде, тилекке каршы, мындай нерсе күтүлбөгөн окуяга алып келиши мүмкүн». Жолдо баратып кардар аны бычак менен коркута баштаган — кардарга Ританын аял башы менен таксиде иштегени жакпай калган.

Коркконуна карабастан, Рита бир да үндөгөн эмес, анткени ал жини кашайган эркекти ого бетер өчөштүрүп албаш үчүн үндөбөй кутулуу керек экенин билип турган. Акыр аягында Ритага жол инспекторлору жардам беришкен — Рита машинаны токтоткондо, алар машинанын жанынан өтүп бара жатышкан эле.

«Алар мага дайыма жардам беришет, мен алар үчүн жөн гана чоң апамын», — деди Рита жымыңдап. Бирок коркунуч туудурган ошол окуя биринчиси эле болуп калган эмес. Бир жолу эки чет элдиктер Рита менен жол киренин баасын келише албай калып, аны өз машинасынан муунтуп салууга аракет кылышкан. Бактыга жараша Рита аман-эсен үйүнө кайткан.

«Жан багыш үчүн машина айдайм»

Башка айдоочулар Ритага байма-бай таксисттердин арасында сага орун жок дегенчелик кылып турушат. «Кет бул жерден!» — деп кыйкырды ага клубдун жанына токтоюн деп жаткан Ритага өзүнүн чоң машинасында отургандардын бирөөсү. Ританы мындай орой мамиле токтотуп же капаландырбайт.

Ал түнкүсүн тапкан кирешеси дайыма ар кандай болуп калаарын айтууда: кээде ага бир да кардар түшпөй калат, ал эми эң эле ийгиликтүү түндөрдө ал 15 адам да жеткирген күндөрү болгон.

Клара Летконун Kloop.kg үчүн сүрөтү

«Эгерде 500 сом тапсам деле ыраазы болом. Жан багыш үчүн акча керек», — дейт ал. Рита жолдошу аялы таксиде иштей баштаганда кубанбаганын, бирок кийинчерээк көнүүгө туура келгенин айтты, анткени үй-бүлөөгө акча керек.

Абышка-кемпир балдарынан жардам сурагылары келбейт. «Алардын өз үй-бүлөөлөрү бар», — деп түшүндүрдү Рита.

Түнкү саат эки болгондо ал бул кечтеги өзүнүн биринчи кардарларын тапты. Алар 30 жаштагылардай көрүнгөн, көздөрү кылгырган, эки мас эркек киши экен. Экөө Ританын тыпырайган кичинекей машинасына отурушту.

«100 сомго жеткирип коюңузчу, суранабыз, биз студентпиз», — деп суранып жатышты алар (бир аздан соң жол жүрүп бара жатканда алардын бирөөсү ишкерлик кыла турганын айтып, мактанды).

Бирок Рита өз сөзүнө бекем турганды билет — ал кардарлары менен соодалашып отуруп, 280 сомго жеткирүүнү макулдашты.