Кыргызстандын өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимди үзгөндөн кийин айрым кыргыз адистери өлкөдө мындай долбоорду өз күчү менен ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып чыгышты.
«Хуавэй» менен келишим 14-мартта жокко чыгарылган. Ошондо өкмөттө Кыргызстанда «Акылдуу шаар» баары бир ишке киргизилээрин билдиришкен. Ал эми премьер-министр Сапар Исаков 24-мартта Кыргызстан «Акылдуу шаарды» өзү ишке ашыраарын жана долбоорго кытайлык компаниясы менен кызматташтыкта сарптала турган 60 млн доллардан аз кете турганын айткан.
«[Биз] Кыргызстан долбоорду үч ири түзүмдү тартуу менен өз күчү жана каражаты менен ишке ашырат деген чечим кабыл алдык», — деп билдирген Исаков.
«Түзүмдөр» — бул программалык камсыздоолорду иштеп чыга турган Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК), камералар үчүн волокондук оптикалык линияларды тарта турган «Кыргызтелеком», Бишкек жана Ош мэриялары — алар көчөлөрдө жол чырактар менен камераларды орнотууну колго алышат.
Азырынча өкмөттө «Акылдуу шаар» менен эмне болуп жатканын айтыша элек — премьердин басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клооптун» кабарчысына апрелде долбоор боюнча кеңешме өтөөрүн жана ага журналисттер чакырылаарын айтты.
Ошол эле маалда МКК долбоордун пайда болушуна атайын маалымат базаларын даярдап жатат.
«Биз транспорт каражаттары менен айдоочулардын маалымат базасын жаңыртуу боюнча даярдык иштерин жүргүзүп атабыз. "Акылдуу шаар" иштеши үчүн бул базалар жаңы болушу зарыл», — деди МККнын өкүлү Мэлис Эржигитов.
Өзүбүздүн колдон келет
Кыргызстандын Программалык камсыздоолорду иштеп чыгуучулар ассоциациясынын президенти Азис Абакиров билдиргендей, Кыргызстанда «Акылдуу шаар» деңгээлиндеги долбоорду ишке берүү үчүн адистер жана мүмкүнчүлүктөр бар, бирок өкмөттө атамекендик IT-шниктерге эч ким барбайт.
«Программалык камсыздоо жактан алып караганда биздин компаниялардын шаарга жардам берүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейбиз. [...] Бул долбоордо биздин колдоо керек экенин көрүп турабыз», — деди Абакиров.
Ал «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүүнү колго алууга мүмкүнчүлүктөрү бар IT-компанияларды атаган жок. Абакиров учурда Кыргызстандын бардык IT-компанияларына кайрылуу даярдап жатканын түшүндүрдү.
«Эгерде биз алар менен сүйлөшүүгө барып калсак көпчүлүгүнө кайрылып, аларды өкмөт үчүн сунуштарды жиберүүгө чакырып атам», — деди ал.
Абакиров эгерде өкмөт анын жергиликтүү компанияларына долбоорду ишенип бере турган болсо анын конкреттүү ишке кирүү мөөнөтүн ачыктап берген жок.
«Бул жерде кеп программалык камсыздоону иштеп чыгуу жөнүндө болууда же [биз] бул маселе боюнча техникалык маселени чечүү жолдорун сунуштай алабыз. [...] Эгерде тез жыйынтыкка эмес узак мөөнөттүү мейкиндикке максат кылсак анда эң башкысы — биздин компаниялардын тажрыйбасы калып, өлкөдө калыптанып кала берет», — деп түшүндүрдү Абакиров.
Анын пикири боюнча, «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүнүн суммасы техникалык табыштаманы анализдөө жана эксперттер менен консультациядан кийин гана белгилүү болот.
«Кыргыз адистеринин арасында мындай долбоорлор менен иштешкендер бар жана аларды "Акылдуу шаарды" ишке киргизүүгө тартса болот. [...] Биз эл аралык компаниялардын тажрыйбаларына көз салабыз. Велосипед ойлоп табуунун кереги жок — кандайдыр бир нерсени [чет жактан] алса болот, ал эми маселе чечүү кымбатка турса, анда өз күч менен жасоо керек», — деп кошумчалады Абакиров.
Анын айтымында, азырынча өкмөт Кыргызстандын IT-адистеринин идеяларына кызыгып, аларга кайрыла элек.
«Бул акысыз болбойт»
NSP компаниясынын башчысы Эрмек Ниязов билдиргендей, Кыргызстан «Акылдуу шаарды» өз күчү менен ишке ашыра алмак, бирок этап этабы менен.
«Бизге биринчи кезекте коопсуздук маселесин чечүү керек, тактап айтканда эреже бузуулар үчүн штраф салуу. Ал эми [андан соң] "Акылдуу шаарга" башка опциялар кошулат: кылмышкерлерди издөө жана алардын жүзүн таануу», — деди Ниязов.
Анын пикири боюнча, бүтүндөй долбоорду дароо ишке киргизүү кыйын жана кымбат, ошондуктан жолдордо байкоо камераларын орнотуудан баштаса болот, андан соң системанын мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү керек. Мындан тышкары, Кыргызстанда камералар үчүн инфраструктуранын көпчүлүк бөлүгү даяр.
«Бизде өздөрүнүн желелери бар мобилдик операторлор көп жана шаар волокондук-оптикалык зымдарга көмүлгөн», — деп белгиледи ал. Ниязовдун айтымында, Кыргызстан бул нерсенин негизинде камераларды коюп, алар үчүн программалык камсыздоолорду иштеп чыгууну баштай берсе болот.
Ниязов кошумчалагандай, кыргыз адистеринин бул жумушу акысыз болбойт.
«Биз муну өзүбүз инфраструктура менен камсыздай турган өнөктөштүк катарында аткарууну каалап жатабыз, ал эми өкмөттүн ыйгарым органы бул үчүн бизге төлөп турат. Байланыш операторлоруна — каналдардын ижарасы үчүн, дата-борборлого — сервер жана маалыматтарды сактоо үчүн, ал эми програмисттерге — программалар үчүн акы төлөө», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, бул акчаны өкмөт айдоочулардан түшкөн штрафтардын эсебинен төлөп берсе болот. Бирок Ниязов айрым керектүү ресурстар кыргыз компанияларында бар деп түшүндүрүү менен долбоорду ишке киргизүүнүн так суммасын атап бере алган жок.
«Акылдуу шаар»
Өкмөт 11-январда «Акылдуу шаар» долбоору боюнча камераларды орнотуу үчүн «Хуавэй» компаниясы менен келишим түзгөн. «Акылдуу шаар» долбоорун ишке киргизүү 60 млн долларга бааланган. Өкмөт камераларды орнотууга кеткен каражаттарды инвесторлорго штрафтан түшкөн акчалардын эсебинен төлөп турууну пландаган.
Бийлик алгачкы камераларды Бишкек менен Оштун жолдорунда январдын аягында эле орнотууну убада кылган. Бирок кийинчерээк аларды орнотуу боюнча иш белгисиз мөөнөткө жылдырылган. «Хуавэй» компаниясынын басма сөз кызматынан 13-мартта камералар Өзбекстанда сыноодон өткөрүлүп жатканын жана жакын арада алар Кыргызстанга алынып келиниши керек деп түшүндүрүшкөн.
Эртеси күнү өкмөт «Хуавэй» компаниясы менен келишимден чыгып жатканын жарыялаган — анткени аталган компания долбоорду аткаруунун мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткан. Ошондо өкмөт дароо эле «Акылдуу шаар» долбоору баары бир ишке ашаарын, бирок анын «жүзөгө ашырылышын модификациялайбыз» деп жарыялашкан.
Бийлик 2011-жылдан бери Бишкектин жолдору менен кесилиштерине камераларды орнотууну убада кылып келет. Башынча бул долбоор «Коопсуз шаар» деп аталып келген, бирок кийинчерээк аны «Акылдуу шаар» деп атай башташкан.
Өкмөт эки тендер өткөргөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өткөн, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик дагы эле конкурстан жеңген «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен соттошуп жатат.