Сүрөт: Виталий Белошапкин/ЛИВЕНЬ.Living Asia

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, дүйнөдө ар тогузунчу өлүмгө абанынын булганышы себепкер. Бул айлана-чөйрөгө байланыштуу ден соолук үчүн негизги коркунуч жараткан факторлордун бири.

Бишкектин тургундары кандай аба дем алышат?

Кыргызстандын борборунда абанын сапатын көз менен карап эле баалап койсо болот. Эгерде сиз Бишкектин түштүк жакасындагы тоо этектерине чыккан болсоңуз, шаарды каптап турган коюу кара булутту көрө аласыз.

Кыргыз гидрометинин маалыматына ылайык, акыркы 11 жылда Бишкектин атмосферасында зыяндуу заттардын концентрациясы ченемдүү көрсөткүчтөрдөн ашып кеткен — бул шаардыктардын ооруга чалдыгышына жана патологияларга алып келиши мүмкүн.

Азот диоксиди дем алуучулу жолдордун илдеттерин козгойт. Анын деңгээли орточо 11 жылда 1,3 эсе жол берилген чектеги концентрациядан ашып кеткен. Азот диоксидинин башкы булагы — үйлөрдү жылытуу маалындагы күйүү процесстери, электр энергиясын өндүрүү жана машиналардын кыймылдаткычтарынын иштөөсү.

Азот оксидинин абадагы ири концентрациясы адамдарда алсыздыкты, баш ооруларды, көңүл айланууну, кан тамырлардын жана жүрөктүн согушун тездетүүнү, денени кычыштырууну, дем алуу жолдорунун жана өпкө дарттарынын чыгышына алып келет. Анын Бишкектин аба мейкиндигинде кармалуусу 1,5 эсе жол берилген чектеги параметрлерден ашып кеткен.

Формальдегид — бул канцерогендик жана уулуу зат. Анын абада жогору болушу адамдын организминде аллергия, залалдуу шишиктерди, лейкемия жана мутациялык өзгөрүүлөрдүн чыгышына алып келет. Бишкекте ал жол берилген чектеги параметрлерден төрт эсе жогору.

Шаарды өнүктүрүү боюнча адис Атай Самыйбек Бишкектин газдашканынын себептеринин бири катары шамалдын багытын бузган чаржайыт тыгыз курулушта деп эсептейт — Бишкекте шамалдын ылдамдыгы менен багыты өзгөрүп, шаар начар желдей баштаган.

«Пландаштыруу учурунда [шаар курууда] аймактын климаттык өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек. Суу жээктерине курулушка тыюу салынган буфердик зоналардын макамын бериш керек. Негизги өтүүчү жолдордо жаңы курулуш объекттерин салууда имараттардын жайгашуусун алдын ала ойлонуу [керек]. Курулуп жаткан имарат шамалдын багыты менен тездигин бузбашы керек», — дейт ал.

Самыйбек белгилегендей, Бишкекте экологиялык абалга жаңы конуштардын эсебинен шаарды кеңейтүү таасир эткен, анткени ал жактарда кышкысын негизинен көмүр жагылат. Бул абанын сапатынын начарлашына жана түтүндөшүнө алып келет. Булгануунун дагы бир негизги фактору — бул катализаторлору бузук же сапаты начар күйүүчү майларды колдонгон авто унаалардын түтүндөрү.

Начар аба — начар ден соолук

«MoveGreen» экологиялык кыймылынын директору Мария Колесникова Бишкекте абанын бузулганы капалантпай койбосун жана ошондуктан алар бул көйгөйдү колго алууну чечишкенин айтты. Экоактивисттердин командасы шаарда абанын катуу бөлүкчөлөрүнүн концентрациясын ченеген датчиктерди орнотушуп, бул маалыматты шаардыктар үчүн ачышкан.

Аны Aba.kg мобилдик колдонмосунан көрүүгө болот — ал жакта ар беш мүнөт сайын Бишкектин үч жеринен маалымат көрсөтүлүп турат. Балким, шаардын абасынын булганганын көрүүгө бул жетишсиздир, бирок бул кайсы райондордо аба ден соолукка коркунуч жаратып атканын түшүнүүгө шарт түзөт.

Активисттер бул колдонмонун жардамы менен шаардыктар булганган жерлерден алыстап, өз маршрутун түзө алышат деп эсептешет.

«Бир жолу мен ЖЭБдин аймагында жашаган аял менен маектешип калдым. Ал аллергиядан жабыркап келээрин жана үйүнүн терезелеринде бир айда эле кара көө чогулуп калаарын айтып берди. Ал бул нерсени өзү жашап жаткан район менен байланыштыра алган жок, бирок ал шаардын чет жакасына чыкканда өзүн жакшы сезип калаарын белгиледи», — дейт Колесникова.

Абанын начар сапаты организм үчүн олуттуу кесепеттерге түрткү болот. ДССУнун баасы боюнча, абанын булгануусуна байланыштуу адамдардын эрте өлүмү көбүнесе инсульттан, жүрөктүн ишемикалык дартынан, төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекцияларынан жана өпкө рагынан улам болот.

Акыркы 11 жылдагы статистика мындай оорулардын саны Кыргызстанда күн санап өсүп жатканын көрсөтүп турат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, жыл сайын өлкөдө дем алуу органдарынын дарттарынын айынан 2 миңге чукул адам көз жумат. 2006-жылдан бери өпкө дарттары менен жабыркаган кыргызстандыктардын саны 93 800 адамга өскөн — азыр алардын саны жарым миллиондон ашуун.

Жүрөктүн ишемикалык дарты менен ооруган кыргызстандыктардын пайызы акыркы 11 жылда эки эсе өскөн: 2006-жылы (жалпы калктын 0,66 пайызынан) 34 миңден ашуун учур катталган, ал эми 2016-жылы (калктын 1,4% пайызынан) оорулуулардын саны дээрлик 83 миң адамды түзгөн. Тактап айтканда, 2016-жылы 1000 адамдын ичинен 14 кыргызстандык бул дарттан жабыркаган.

Ал эми Бишкекте бул сан андан да жаман: эгерде 2006-жылы ишемикалык дарт менен 1000 кыргызстандык ичинен 18и жабыркаган болсо, 2016-жылы алардын саны 32ге жеткен. Албетте, жүрөк ооруларынын көбөйүшү көптөгөн факторлорго байланыштуу — стресс, жашоонун деңгээли жана анын сапаты, бирок аба мейкиндигинин абалы — негизги себептердин бири.

Бишкектиктер ден соолукка зыяндуу аба менен дем алууга аргасыз. Ошол эле маалда алар өздөрү абанын сапатанын начарлашынын себебине таасир эте алышпайт. Абанын булгануусуна шаарда чар-жайыт курулуш, бак-дарактарды кыюу, атмосферага чыгындыларды жетишсиз деңгээлде көзөмөлдөө жана шаардын айланасында жеке сектордун көбөйүшү таасир этүүдө.

Бишкекте аба жакшырышы үчүн курулушка, шаарды пландоого жана транспорт инфраструктурасына жооптуу шаар бийлигинин аракеттери керек.

«Газдануу көйгөйүн чечүүнүн жолдорунун бири катары коомдук транспортту тездик менен өнүктүүрүү болушу мүмкүн. Бул жаңы автобустар менен троллейбустарды сатып алуу менен чектелип калбашы керек», — деди шаар пландоочу Атай Самыйбек.

Шаардыктар Бишкекте абанын сапаты жакшыртыш үчүн эмне кыла алышат жана алар мамлекеттен эмнелерди талап кылуулары керек?

Дата-сетке шилтеме: http://bit.ly/pollution_kg