Бийлик 2035-жылы Бишкекти кандай элестетет? Шаар аткаминерлеринин кыялдарына саякат

Сүрөт иллюстративдик мүнөздү чагылдырат. Иллюстрация: Jonathan Stephens

Бишкектин бийлиги так пландоо долбоорун (ТПД) иштеп чыгышты. Бул — Бишкектин борбору 2035-жылга чейин кандай өнүгө турганы боюнча элеси. Эмне үчүн ТПД маанилүү жана шаар бийлиги эмне кылгысы келип жатканын түшүндүрөбүз.

Бишкектин бийлиги шаардын борбордук бөлүгүн ТПД боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө. Жыйынтыктоочу угуу 9-апрелде өтөт — ошондон кийин пландоо долбоорун шаардык кеңеш жактырып же четке кагышы керек.

Так пландоо долбоору — бул ар кандай аймактардын, турак жайлардын, транспорттук жана жашыл аймактардын чек арасын бекиткен шаар куруу боюнча документ. Ал кайсы жерде курулуш жүргүзүүгө болоорун же болбостугун аныктайт. Долбоор аталышына карабастан так пландуу эмес — ал өзүнө конкреттүү имараттардын: турак үйлөрдүн, соода борборлордун жана кеңселердин курулушун камтыбайт. Ошол эле маалда ал шаар куруучулардын гана планын чагылдырат. Алардын ишке ашырылышына акча жана мүмкүнчүлүктөр табылышы күмөндүү.

Талкууланып жаткан долбоор Бишкектин борборун Жибек-Жолу — Курманжан-Датка — Ахунбаев — Садырбаев (Баха) көчөлөрүнөн турган аймактарды камтыйт. 2015-жылдан бери иштеп чыгарылган бул документке 20 млн сом кеткен.

Долбоордун авторлору ТПД — бул 2006-жылы кабыл алынган Бишкектин башкы планынын кеңири версиясы деп айтышууда. Алардын айтымында, ТПД башкы пландан кийин тогуз жылдан соң гана иштелип чыга баштаган, анткени долбоорду жаратууга каражат жок болчу. Бишкек 12 жыл ТПДсыз жашап, ал эми курулуш эски документтерге ылайык жүргүзүлгөн.

ТПДнын жалдоочусу — Бишкек мэриясы, аткаруучу — мамлекеттик долбоорлоо институту. Аторлордун айтымында, долбоор «Бишкекте чаржайыт курулушту токтотууга» багытталган.

ТПДда эмнелер долбоорлонгонун жана Бишкекти 2035-жылга чейин кантип өзгөртүүнү каалап атышканын түшүндүрөбүз (ал эми бул шилтеме боюнча материалда сиз эмне үчүн так пландоо долбоорунун айланасында чыр-чатак көп болуп жатканын жана ким кимди сүрөөнчүлүк үчүн айыптап атканын окуй аласыз).

1. Фасаддар менен чатырларды жашылдандыруу

ТПДнын жаратуучуларынын башкы кеңешчиси жана Бишкектин башкы планынын автору Жанузак Кулбатыров долбоорго шаардын жашыл аймактарын кеңейтүү киргизилгенин айтууда. Азыр ар бир бишкектикке үч чарчы метр бак-дарак туура келет. Авторлор бул санды киши башына 11 чарчы метрге чейин көтөрүүнү каалашууда.

Шаардыктардын арасында бак-дарактарды сактап калуу жана жашылдандыруу маселеси алдыңкылардан болуп турат. Тургундардын жарымы шаар бийлиги жолдорду кеңейтүү үчүн өсүмдүктөрдү кыйып жатканына нааразы болууда. Мисалы, бийлик жолду кеңейтиш үчүн 2017-жылы Токтоналиев көчөсүндө бак-дарактарды кыйып, ал эми ага каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен экологдорду кармаган.

Кулбатыров сейил бактар, гүл бакчалар жана бульварлар кыскартылбастыгын, тескерисинче, жашыл аянттар көбөйөт деп убада кылууда.

«Долбоордо жашыл курулуш өнүгө турган жаңы аймактар бөлүнгөн. Жашыл аймактар бирдиктүү каркасты көрсөтүп турат — алар бульварлардын, гүл бактардын жана сейил бактардын түйүнү, мындан тышкары, Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жашылданган жээктери», — дейт ал.

Анын айтымында, негизинен жашыл аймактар муниципиалдык жана мамлекеттик жеке менчикте турат.

«Эгерде кайсы бир жашылдандыруу объектиси жеке менчикте болуп атса, анда бул участок жашылдандыруу үчүн резервге алынып-алынбасы боюнча маселе долбоордун курулушу баскычында чечилиши шарт. Анын ээси, инвестиция жана жер тилкени сатып алуу маселеси да аныкталышы керек», — деди Кулбатыров.

Долбоордун жаратуучулары шаардагы имараттардын чатырында жана фасаддарына өсүмдүктөрдүн отургузулушун жана ошондой эле, кичи райондордун ичинде жашыл коомдук аймактарды көбөйтүүнү каалашууда.

Долбоор боюнча жер алдындагы көп кабаттуу унаа токтотуу жайларынын үстү ушундай көрүнүшү мүмкүн

2. Тез жүргөн автобустар жана жеңил метро

ТПДнын максаттарынын бири — бул Бишкектин борборун авто унаалардан бошотуу. Долбоорчулар буга жетиш үчүн алты жеңил релстүү метро линиясын курууну сунушташууда — анын курулушу мурда эле башкы планга киргизилген, бирок ага каражат табылбай калган.

«Жер үстүндөгү жана жер алдындагы метронун варианттары бар. Биз метро үчүн жерди резервге алып койгонбуз. Эми ал жерде эч нерсе курулбашы үчүн бул аймак мамлекеттик кайтарууга алынып калат», — деп түшүндүрдү долбоорчу.

Долбоордун автору Лев Толстой көчөсүн жээктеген темир жол аркылуу шаардын чет жакасынан келчү электричка жүргүзүп, Абдрахманов көчөсү менен Жибек-Жолу, Чүй жана Айтматов проспектилеринде тез жүрүүчү автобустар үчүн атайын жол тилкелерин бөлүнүүнү сунуштап жатат.

Долбоор боюнча, шаар борборундагы Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Ахунбаев жана Садырбаев өңдүү тышкы көчөлөрдү көп деңгээлдүү бурулуш жолдордон турган тез ылдамдыкта жүрүүчү (саатына 90 кмга чейин) магистраль кылууну көздөшүүдө.

«Бул борбордук райондорду жана ички кварталдарды бошотот, анткени бүткүл транзиттик агым шаарга кирбей тез жүрүүчү магистралдар менен кете баштайт. Башкы планда бул нерселерди куруу көрсөтүлгөн, биз бул жер тилкелерин резервге алып койгонбуз», — дейт Кулбатыров.

Мындан тышкары, долбоорго 40 көп кабаттуу жер алдындагы унаа токтотуу жайларынын курулушу да киргизилген — алардын чатырларында жашыл аймактарды жана балдар үчүн оюн-зоок аянтчаларын салууну пландашууда.

ТПДнын авторлордун планы боюнча Бишкектин борбору болжолдуу ушундай көрүнүшү керек

3. Шаарды чөлкөмдөштүрүү

ТПДнун авторлору кайсы жерде кандай курулуш жүргүзүүгө болоорун белгилөө үчүн шаарды бир нече чөлкөмгө бөлүшүүдө:

Курулуш шарты өзгөчө чөлкөм — бул шаардын борбору. Бул аймакты куруу үчүн көбүрөөк макулдашуу жана ар кандай мамлекеттик органдардын уруксатын алуу керектелип калат.

Көп функционалдуу турак жай жана коомдук чөлкөм — ал жерде жогорку кабаттарында кеңселери, батирлери жана биринчи кабаттарында кафе жана соода борборлору бар имараттарды курса болот.

Жигердүү ишкердик чөлкөмү — мисалы, буга коммерциялык ишкердик борборун курууга мүмкүн Фрунзе атындагы заводдун аймагын киргизсе болот. Ушундай эле чөлкөмдү долбоорчулар «Мадина» базарынын аймагын да көрүшөт. Авторлор дал ушул аймактарды белгилешүүдө, анткени алар транспорттук магистралдардын жанында жайгашкан.

Перифериялык коомдук турак жай чөлкөмдөрү — макамы боюнча борбордукка салыштырмалуу төмөн. Ал жактарда чакан дүкөндөрү бар турак-жайларды курууга болот.

Турак-жай чөлкөмдөрү — бул аймактарда бир гана турак үйлөр курулат. Мындай кичи райондордо анын аймактарын жашылдандуруунун эсебинен өзгөчө жашоо чөйрөсү болот.

Бишкектин спутник сүрөтүнө түшүрүлгөн ТПДсын көрүш үчүн слайдерди өйдөгө жылдырыңыз.

Картаны жакындан көрүш үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз

Долбоордун авторлору 7 кабаттуу үйлөрду курууну сунушташууда, бирок айрым райондордо (кайсылар экени белгисиз) 35 кабатка чейинки имараттар пайда болушу мүмкүн.

Долбоор «анчейин баалуу эмес бир кабаттуу курулуштарды» сүрдүрүүнү көздөйт — негизинен бул самандан жана сейсмикалык жактан туруксуз үйлөр.

Долбоорчулар ошондой эле балдар бакчалары жана мектептер курула турчу жерлерди белгилеп коюшкан. Бишкектин борборуна азыр 53 бала бакча туура келет — долбоордун авторлору кошумча дагы 77 бала бакча жана 45 жаңы мектеп салынышы керек деп эсептешет.

Пландоо долбооруна ылайык, өнөр-жай чөлкөмдөрү өзгөртүүсүз калат. Авторлордун айтымында, ал жактарда курулушту инвесторлордун пайда болушуна жараша баштай берсе болот.

Ошондой эле, шаардын борборунда Тоголок Молдо, Фрунзе, Ибраимов жана Чүй проспектилери менен чектелген көчөлөрдүн аймактары да өзгөртүүсүз калат — бул аймактар «мамлекеттик мааниде өзгөчө баалуу тарыхый-маданий баалуу чөйрөнү» көрсөтүп турган «корук» болуп эсептелет. Эгерде бул аймакта өзгөрүүлөр боло турган болсо, бардыгын маданият министрлиги жана коомчулук менен макулдашууга туура келет.

Иш жүзүндө «Ишкерлер шаарчасынын (Рабочий городок — ред.)» району да өзгөрбөйт — долбоорчулар көчөлөрдүн радикалдуу желесин сактап калып, бирок курулуштун тыгыздыгын бир аз көбөйтүшөт.

Долбоордун жаратуучулары аны жүзөгө ашыруу үчүн инвестиция керек экенин моюндарына алышууда. Бирок ага чейин курулуш үчүн регламенттерди көрсөтүп турган жер пайдалануунун жана курулуш эрежелерин иштеп чыгуу керек. Ал имарат кандай курулуп, андан кийин аны кандай пайдалануу керек деген суроолорго жооп бериши керек. Азырынча кайсы орган курулуш эрежелерин иштеп чыгаары жана ал документке мамлекет канча каражат сарптай турганы белгисиз.