Атамбаев мамрезиденцияда 89 млн сомго дача курду

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында 89,3 млн сомго үй курду. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, бюджеттен дачанын курулушуна акча бөлүнгөн эмес.

Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей, Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын аймагында дача курган.

Башкармалыктын басма сөз кызматынан түшүндүрүп беришкендей, мыйзам боюнча, экс-президентке өмүр бою колдонууга мамрезиденциянын аймагындагы дачалардын бирөөсү берилет. Бирок «Ала-Арчада» бош мамлекеттик дачалар жок болгондуктан, бийлик жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алган.

«№17 мамлекеттик дача бюджеттик эмес каражаттардын эсебинен курулду, республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн жок», — деп айтылат иш башкармалыктын басма сөз кызматынын маалыматында.

Анын маалыматына ылайык, бир кабаттуу үй жана анын жайлуулугу, ошондой эле, эки машиналык гараж 89,3 млн сом турат. Атамбаев курулуш иштерине өз чөнтөгүнөн 77,8 млн сом бөлгөн.

Калган 11,5 млн сом кайдан алынганын президенттин иш башкармалыгынан азырынча тактап беришкен жок, бирок бул бюджеттик эмес каражаттар экенин кошумчалашты.

Объекттин жалпы аянты 301,8 чарчы метр, ал эми жашоо аянты 141,6 чарчы метрди түзөт. Үй — конок, эки уктоо жана иш бөлмөлөрүнөн турат.

«Учурда жогоруда көрсөтүлгөн дачада экс-президент үй-бүлөөсү менен жашап жатат», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин иш башкармалыгынын маалыматында Атамбаевдин дачасы — бул менчиктештирүүгө болбос мамлекеттик менчик экени айтылган.

Атамбаев мамрезиденциядагы дачадан тышкары Бишкектин чет жакасындагы Кой-Таш айлында үй куруп жатат. Ал учурда Атамбаев айылдагы жерди өз акчасына Бишкектин учурдагы мэри Албек Ибраимовдон сатып алганын билдирген.

«Мен — адаммын, менин өзүмдүн ата-бабаларымдын жеринде өз акчама үй курууга укугум бар деп ойлойм. Мен аны эч кимден уурдап алган жокмун, мен мародер эмесмин. Мен өз фирмамды 1989-жылы эле ачкам. Мен атайын ал жакта үй куруп жатам, себеп дегенде, мен ал айылда окугам», — деп билдирген Атамбаев.


ТЕМА БОЮНЧА: