Бир кадр менен: Ак-Буура дарыясынын үстүндөгү сахна

Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган сахна. Ачылуу аземдеги көрүнүш. Сүрөт: Асан Кубанычбек уулу/Kloop.kg

Ош шаарынын ортосунан аккан Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулуп, 29-мартта ачылышы болду. Ал маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган.

Анын узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзөт. Саxна калаанын борбордук бөлүгүндөгү Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирет.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Замира Ниязбекова «Клоопко» билдиргендей, жайкы сахна курууну калаа мэри Айтмамат Кадырбаев демилгелеген.

«Жайкы сахна куруу идеясы Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевге таандык. Аны Ош регионалдык шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы иштеп чыккан. Объекттин дал ошол жерге курулушунун себеби, Сай-Бою көчөсү эс алуу комлексине ылайыкташтырылган. Анткени футбол академиясы, вело жол, эс алуучу жайлар дал ушул көчөдө жайгашкан», — деди басма сөз катчы.

Жайкы сахнаны «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы 16 млн 400 миң сомго салган. Объекттин курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталып, алты айда бүткөрүлгөн.

Ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев катышты.

Иш-чарада мода көргөзмөсү өтүп, көрүүчүлөргө маданият кызматкерлери жана 200 комузчу концерттик программа тартуулашты.