Сот мурдагы дикторго 60 миң сом төлөөнү КТРКга милдеттендирди

Жогорку сот КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбековду Чынар Капарованы кызматына кайтарууну жана ага 60 миң сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Карыпбеков «сот чечимин аткара тургандыгын» билдирди.

Капарова менен Карыпбековдун соттук отуруму 26-мартта өткөндүгүн Жогорку соттун маалымат кызматы «Азаттыкка» маалымдаган.

Жогорку сот Капарованын доо-арызын канааттандырып, Карыпбековго жумуштан алынган дикторду мурдагы кызматына кайтаруу жана ага иштен алынгандан тарта берилүүчү 55 миң сом айлык маянасын төлөп берүү өкүмүн чыгарды.

Ошондой эле, сот телеканал башчысын мурдагы дикторго моралдык компенсация үчүн 5 миң сом төлөөгө милдеттендирди.

«Сот кандай гана чечим кабыл албасын, сөзсүз баары аны аткарууга тийиш. Мен каражатты да төлөп берем», — деди Карыпбеков «Клооптун» журналистине курган маегинде.

Чынар Капарова «Клооптун» журналистине КТРКда кайрадан иштөөгө даяр экендигин айтты.

«Менин айрым бир шарттарым болот. Ошол шарттардын негизинде жумушка ала турган болсо, мен албетте КТРКда иштөөгө макулмун. Башкы директор соттун чечимин аткарам деп айтышы мүмкүн, бирок ал киши менен түз сүйлөшүү, кайсыл орунга алып барат, мен ким болуп барам, маселе ошондо», — деди ал.

Капарова 2016-жылы эфирде эл акыны Сүйүнбай Эралиевди «эл баатыры» деп атаганы үчүн жумуштан алынган. Ал КТРКнын жетекчилиги эскертүү берүү менен чектелсе болоорун айтып чыккан.