Атамбаев КСДПнын төрөгасы болуп дайындалды

Сүрөт: Султан Досалиев

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Социал-демократтар партиясынын төрөгасы болуп шайланды. Атамбаевдин айтымында, ал КСДПны парламенттик шайлоого даярдамакчы.

Атамбаев 31-мартта КСДПнын съездинде бир добуштан партиянын башчысы болуп шайланды. Маалымат жыйында ал «тилекке каршы, ага саясатка кайрадан кайтууга туура келгенин» билдирди.

«Жээнбековдун жанында кошоматчылар болбошу үчүн ага жардам бериш керек. Мен аны багыттабаймын, бирок кеңеш берем, [эгерде] Жээнбеков кайрылса», — деди Атамбаев учурдагы Кыргызстандын президенти жөнүндө.

Атамбаевдин айтымында, ал партияны 2020-жылында өтүүчү парламенттик шайлоого даярдайт. Бул тууралуу Атамбаев 2017-жылдын ноябрында президент катары берген акыркы маалымат жыйынында эле айткан.

«Шайлоодо, албетте, мен кийин парламенттин же өкмөттүн төрагасы, жада калса депутат болууну каалаган жокмун. Бирок биринчи номурда болушум мүмкүн, анткени мага элдер ишеним артып жатканына көзүм жетти. Анан да социал-демократтардын курамын өзүм тандоону каалап жатам. Мурдагы жолкусунда өтө деле көңүл бурган жок болчум, буга көп өкүнчү болдум», — деди ал.

2016-жылы Атамбаев саясаттан кетип чыгармачылык жана ишкердик менен алектенээрин айткан.

Ал КСДП партиясында 2011-жылга чейин төрөгалык кылып келген. Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп шайлангандан кийин партия башчылыгынан кетүүгө аргасыз болгон.

Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстандын президенти болуп шайлоо учурунда Атамбаев колдоого алган Сооронбай Жээнбеков болгон.

Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын төрөгасы болуп дайындалышы партиянын ичиндеги тирешүүлөр менен коштолду. Партиянын съездине социал-демократтардын арасындагы бир нече учурдагы жана мурдагы депутаттар чакырылган эмес, анын ичинде Кыргызстандын президентинин иниси Асылбек Жээнбеков да бар.

Маалымат жыйындагы өз сөзүндө Атамбаев президенттин дарегине сын тагып Асылбек Жээнбеков анын байкеси президент болуп дайындалгандан кийин ээлеген кызматынан кетүүсү керек болгондугун айтты.