Атамбаевдин КСДПнын съездинен кийинки негизги билдирүүлөрү

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылга чейин жетектеп келген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы болуп шайланды. Атамбаев КСДПнын 17-съездинде журналисттерге эмнелер тууралуу айтканын баяндап беребиз.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10155517298944639/

КСДПнын съезди 31-мартта болуп өттү. Күн тартибиндеги негизги маселе Атамбаевдин партиянын төрөгасы болуп шайланышында болду. Андан кийин ал маалымат жыйын куруп, бир нече кызыктуу билдирүүлөрдү жасады. Негизги учурлар тууралуу кыскача баяндайбыз.

Атамбаев саясатка кайтып жатат, бирок кайсы бир кызмат орду үчүн эмес

Журналисттердин алдындагы өз сөзүн Атамбаев «ага кыйын болсо да кайрадан саясатка кайтууга туура келип» жатканын айтуу менен баштады. Мурдагы президенттин айтымында, кайсы бир мамлекеттик кызматты ээлөөнү каалбайт, болгону социал-демократтарды парламенттик шайлоого даярдайт.

«Мен саясатка кайсы бир кызмат ордун ээлөө үчүн кайткан жокмун. Бизге кайсы бир үй-бүлөлүк-кландык башкаруу [...] катаал заман келишин каалабайт элем. Бир чоң максат — бул парламентке мыкты партиялар келиши керек, ал бир эле КСДП эмес», — деди ал.

Атамбаев Жээнбековдун Коопсуздук кеңеште айткан сөздөрүнө нааразы

Атамбаевге жаңы президент Сооронбаей Жээнбековдун үстүбүздөгү жылдын февралында Коопсуздук кеңешинин жыйынында айткан сөздөрү жакпай калган. Экс-президенттин пикири боюнча, Жээнбековго бул сөздү «астыртан салып коюшкан».

Атамбаевге Жээнбековдун сөзүндө  ал президент болуп турганда иш алып барган күч түзүмдөрүнө айтылган сын-пикири жаккан эмес — негизинен коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү. Анын айтымында, Жээнбеков ага берген документтерди карап чыгышы керек.

«Анткени Атамбаевдин учурунда акыркы үч жылда бийлик коррупция менен күрөшкөн жок деп айтылып жатканы… жада калса, бүгүнкү чуулгандуу коррупциялык иштерди Атамбаев баштаган. Мына акыркы 800 млн сом КНС (кошумча нарк салык — ред.) боюнча иш. Бул мурдагы жылы эле башталган», — деп билдирди ал.

Матраимовдун бажы кызматынан алынышы

Кыргызстандын экс-президенти билдиргендей, Раимбек Матраимовдун Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматынан бошотулушун өзү демилгелеген.

«Мурдагы жылы көмүскө схемалардын айынан бюджетке коррупция үчүн 10 млрд сомго чукул акча түшпөй калган. Мурдагы жылы эле мен Сапар Исаковго Раим-миллионду кетирүүнү сурангам», — деди ал.

Атамбаевдин ою боюнча, премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду кызматтан кетиргенден кийин «өзүнө душман арттырып алган». Исаков аны 2017-жылдын ноябрында «жетекчиликтин саясатына туура келбегендиги» үчүн кетирген.

Матраимовду ал аркылуу бажыдагы «маселелерди чечүүгө» боло турган адам деп аташкан. Мисалы, 2017-жылдын январында КСДПнын депутаты Дастан Бекешов «Раим-миллион» тууралуу ага кыргыз ишкерлери айтып беришкенин билдирип чыккан. «Азаттыктын» журналисттери Матраимов жана анын жакындары алардын расмий кирешесине дал келбеген баалуу мүлкөргө ээлик кылганын аныктап чыгышкан.   

Атамбаев Жээнбековду үй-бүлөлүк-кландык башкаруудан абайлоого чакырды

Ал билдиргендей, жалпысынан Атамбаевдин Жээнбековго карата сөздөрү этияттык менен айтылды. Атамбаевдин айтымында, ал учурдагы президентке «жагымсыз жана катуу сөздөрдү» айтууга аргасыз. Бирок саясатчылар, ал маалымдагандай, «эски достордон» болуп кала беришет.

«Тилекке каршы, мен Акаев жана Бакиев менен эмне болгону эсимде. Ошондуктан мындай жагымсыз сөздөрдү айтып туруш керек. Акыркы жолу биз [Жээнбеков] экөөбүз төрт жарым сааттан ашык сүйлөшкөнбүз. Кимдир бирөө кылыш керек да муну. Иш жүзүндө менин жашоомдун акыркы 10-20 жылы бизде үй-бүлөлүк-кландык башкаруу болбосу үчүн кетти. Мен үчүн бул бүткүл өмүрүмдүн иши, мен өзүмдүн жылдарым текке кетпесин каалабайт элем», — деди Атамбаев.

Атамбаевдин айтымында, ушактар болбошу үчүн ал Жээнбековго анын иниси, парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековдун кызматынан кетүүсү керектигин эскерткен.

«Жээнбеков президенттикке талапкерлигин коюп жатканда, мен ага Асылбек өзүнүн мандатын тапшыруусу керектигин айткам. Мен бул ушактардын чыгышына алып келет дегем», — деди ал.

Атамбаев кадрдык дайындоолорго таасир этпегенин айтты

Экс-президент Жээнбеков менен Исаков алектенген кадрдык чечимдерге принципиалдуу таасир этпегенин билдирет.

Ошого карабастан, саясатчы «Жээнбековдун айланасында кошоматчылар болбошу үчүн» ага жардам берүүгө ниеттенүүдө. Мен аны багыттабаймын, бирок кеңеш берем, [эгерде] Жээнбеков кайрылса», — деди Атамбаев.

Атамбаев Исаковго премьер-министр катары ишенет

Атамбаев билдиргендей, Сапар Исаковдун ордуна премьер-министр болууну көздөгөн жок. Мурдагы президенттин айтымында, Исаков — катачылыктарды кетирип, бирок иштеп жаткан «жаш жана күч-кубаттуу премьер-министр».

Экс-президент Бишкектин ЖЭБиндеги жана анын $386 млн модернизациясынын айланасындагы чыр-чатакта Сапар Исаковго болушту.

Атамбаевдин айтымында, Исаковдун командасы кызматка бардык даярдык иштери аягына чыккандан кийин келген — мурдагы президент ЖЭБ тууралуу маселеде Жээнбеков премьер-болуп турганда анын командасы иш алып барганын айтты.

«Сапар Исаков 28-августта премьер-министрлик тактыга отурду. Сентябрь айына чейин бардык иш-чаралар аяктайт. Бул тендерлерди Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: