Бишкек мэриясы: Маршруткалар «жакынкы сааттарда» каттамдарга чыгышат (маалымат жаңыртылды)

Маршруттук таксилердина айдоочулары. Сүрөт: Нурис Алымбаев/ «Спутник»

Бишкек мэриясы жүргүнчү ташуучу ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин билдиргендей, маршртуттук таксилер жумушун «жакын арада» жандантышат. Маршруттук таксилердин айдоочулары 2-апрель күнү эртең менен жумушка чыгуудан баш тартышкан. Иш таштоого жүргүнчүлөрдү камсыздандыруу полиси жоктугунун айынан айдоочуларга штраф салына турганы көрсөтүлгөн жаңы мыйзам себеп болгон.

Маалымат саат 13:47де жаңыртылды

Мэрияга караштуу шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов «Спутник» басылмасына курган маегинде «жакын арада айдоочулардын көпчүлүгү каттамдарга чыгышат» жана 3-апрелде маршруттук таксилер күндөгүдөй эле тартипте иштей башташаарын кабарлаган.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучу ишкана ээлери менен жолугушкан. Жолугушууда иш таштоонун себептери талкууланган.

«Ишкананын өкүлдөрү айдоочулардын арасында камсыздандырууга байланыштуу жана жакын арады кичи автобустардын ишин жандантуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү убада кылышты», — деп айтылат басма сөз кызматтын маалыматында.

«Лига» автотранспорт компаниясынын башчысы Бешболуш Матисаков билдиргендей, Бишкектин бийлиги менен жолугушууда «бир катар маселелер чечилген».

«Биринчиден, камсыздандыруу маселеси жылдырылды. ЖКККББ азырынча айдоочуларга штраф салбоого макул болду. Бирок аны жокко чыгарууга болбой калды. Ошондой эле, форма меселеси толугу менен алынды. Негизи башында форманы сатып алууга эч ким мажбурлаган эмес. Мэр жол кире акысын көтөрүү боюнча меселени шаарга автобустар келгенден кийин карап көрүүнү убада кылды. Тагыраак айтканда күзгө чейин», — деп келтирди Матисаковдун айткандарын «АКИпресс» басылмасы.

Маршруттук таксилердин айдоочулары өз каттамдарына 2-апрель күнү эртең менен чыгуудан баш тартышты. Бир күн мурда шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштоону пландашкан эместигин билдирген.

Шаарды маршруттук таксилердин жокутугуна улам жүргүнчүлөрдү көпчүлүгү толуп калган троллейбустар менен автобустарга түшүүгө аргасыз болушту — алардын айдоочулары каршылык акциясына катышышкан жок.

Толуп калган автобус. Сүрөт: 24.kg

Бишкек мэриясы кабарлагандай, күн сайын шаардын жолдоруна 2700 маршруттук такси чыгат, бирок алардын көпчүлүгү камсыздандырылган эмес. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) белгилегендей, азырынча камсыздандыруу полиси жоктугу үчүн маршруттук таксилердин бир дагы айдоочусуна штраф салына элек.

«Спутник» басылмасы билдиргендей, айдоочулар жол кире акысын 10 сомдон 15 сомго көтөрүүнү, камсыздандыруу полисин киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырууну, бирдиктүү форманы жокко чыгарууну, жүргүнчүлөрдү бир гана аялдамадан эмес каалаган жерден токтоп алууга жана түшүрүүгө уруксат берүүнү талап кылышкан.

Мындан тышкары, айдоочулар жолдун экинчи чийининен бурулууга уруксат берүүнү жана кырсыктын чыгышын шарттаган жөө жүргүнчүлөргө штрафтын өлчөмүн жогорулатууну да талап кылышкан.

Бишкектин мэриясы айдоочулардын иш таштаганына карабастан, алардын талаптары аткарылбасын билдирди.

Бишкек мэриясына караштуу шаардык транспорт башкармалыгынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, №7, №9 жана №42 каттамдары боюнча жүргөн автобустар элдерди саат 22:30га чейин ташышат. Ал эми кадимки эле күндөрү кээ бир автобустардын айдоочулары жумуштарын саат 20:00дө аякташат.

Айрым такси кызматтары авто унааларды чакыруунун баасын убактылуу көтөрүштү — мисалы, «Яндекс Такси»  30 сом үстөк кошкон. Шаардыктардын көпчүлүгү жол тыгындарына кабылышты.

2-апрель күнү эртең мененки Бишкектеги тыгын. Сүрөт: «Кактус»

Маршруттук таксилердин айдоочуларынын бири жашыруун шарт менен «Клооптун» журналистине ал жана кесиптештери бир гана камсыздандыруу полиси үчүн эмес анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуунун акысы төмөн болуп жаткандыгынын айынан да баш тартышканын айтты.

«Биринчи кезекте камсыздандыруу полисинин айланасында абал түшүнүксүз. Мамлекеттик компанияларда айдоочу менен машинаны камсыздандырышпайт, ал эми жеке компанияларда болгону 10го чукул гана жүргүнчү орунун камсыздандырышат. Экинчиден, бизге жол кире акысын көтөрүп бербей жатышат, ал эми күйүүчү май кымбат жана оңдоого кеткен чыгымдар көп», — деди ал.

Ошондой эле, ал айдоочулардын өз акчасына атайын кийимдерди кийүүгө «мажбурлап» жатышканын, ал эми аталган синтетикадан тигилген чыптаманын баасы 700 сом экенин белгилеп, каттамга эртең чыгууну пландап жатканын кошумчалады.

Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий «24.kg» басылмасына билдиргендей, «каттамга чыгууга даяр турган айдоочуларды кимдир бирөө иштетпей жатат».

«Бул кандайдыр бир чагым, элдер катттамга чыгууга даяр, бирок кимдир бирөө аларды иштетпей жатат. Кайсы бир адамдардын тобу. Аларды тез арада табыш керек», — деп билдирди Милицкий.

«АКИпресс» басылмасы кабарлагандай, маршруттук таксилердин айдоочулары аларды камсыздандыруу полисин жана атайын кийимдерди сатып алууга ошондой эле, алардын машиналарынын техникалык абалын «байма-бай» текшерип жатышкандарына нааразы болушууда.

Мэрияга караштуу шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атаканов «Спутник» басылмасына кабарлагандай, каттамга адаттагыдан да көп автобустар жана троллейбустар чыккан.

«Каттамга аддатагыдан бир аз көбүрөөк коомдук транспорт чыкты, бирок азыр так санын айта албайм. 130га чукул автобус жана 105-110 троллейбус», — деп билдирди ал.

1-апрелден тарта маршруттук таксилердин айдоочуларын камсыздандыруу полисин алууга милдеттендиришкен — бул жүргүнчү оруну үчүн 136,6 сом төлөш керек. Демек эгерде маршруткада 15 орун болсо, айдоочу жылына 2000 сом төлөшү керек. Камсыздандыруу полиси жок болсо айдоочуларга 500 сом штраф салынат.