Атамбаев артында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 40 кадамын калтырып кетти. Алар жөнүндө 16 пункт менен айтып беребиз

Алмазбек Атамбаев. Cүрөт: Сергей Гунеев/Sputnik

Экс-президент Алмазбек Атамбаев кызматынан кетип жатып, артында «Жаңы доорго — кырк кадам» аттуу өкмөттүк программасын калтырып кетти. Ал Кыргызстан 2023-жылга чейин кандай өнүгүшү керектигин көрсөтүп турат. Ал эмне жөнүндө экенин кыскача айтып беребиз.

Жалпысынан программада 40 кадам бар, бирок аларды мааниси боюнча 16 пунктка бириктирип койсо болот. Беш жылда бийлик Ошто жаңы аэропорт куруудан баштап, өлкөнүн аймактарындагы бардык мектептерде билим берүүнүн сапатын бирдей кылууга чейин чоң жумуш аткарууну убада кылууда. Бул программада дагы эмне бар?

1. «Таза Коом»

«Таза Коом» — коорупцияны жоюп, бюрократияны азайта турган реформалардын негизги программасы. Ал ошондой эле, ишкерликке жардам берип, жарандарды сапаттуу медицина менен камсыздайт.

2. Мамлекеттик башкаруудагы реформа

Мамлекеттик башкаруу системасында оптимизация болот — айрым түзүмдөр кыскартылат, ал эми мамкызматкерлер кооррупция менен алектенбей жарандарды окутуу боюнча дыкат иштешет. Жеке сектор мамлекет тарабынан айрым ыйгарым укуктарды жана функцияларды өзүнө ала алат.

3. Шайлоонун сапатын көтөрүү

Добуш сатып алуу үчүн жаза күчөтүлөт, жарандардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн мыйзамдар жакшыртылат, ал эми участкаларды шайлоодо добуш берүү процессин байкоо үчүн жабдыктар менен камсыздашат. Шайлоо алдындагы каражаттарды көзөмөлдөө үчүн механизм чыгарылат.

Шайлоочулар 2017-жылдагы президенттик шайлоо учурунда. Сүрөт: Даниль Усманов/Kloop.kg

4. Жарандык коом

Артыкчылыктуу социалдык программаларга мамлекеттик гранттар берилет, ал эми өкмөттүк эмес уюмдардын эл аралык каржылоосунун «ачык жана айкындыгы» камсыздалат. Журналисттердин көз карандысыз иштөөсү жана сөз эркиндигин өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт, бирок атайылап жалган жана туура эмес маалымат жарыялоо үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт.

5. Билим берүү жана илим

Мектептеги билим берүүнүн сапаты анын кайсы жерде жайгашканынан жана анда кайсыл тилде сабак берилээринен көз каранды болбой калат. Университеттердин, окуу жайлардын жана потенциалдуу жумуш берүүчүлөрдүн — бизнес жана өнөр-жайдын ортосунда «тыгыз байланыш» орнотулат. Кесиптик техникалык окуу жайларынын бир бөлүгү программисттерди окута баштайт.

Улуттук илимдер академиясын реформалоо улантылат, ал эми илимий долбоорлор Улуттук илим фонду аркылуу мамлекеттик буйрутманын негизинде ишке киргизилип турат.

6. Бизнес

Ишкерлер уруксат документтерин электрондук форматта алып турушат, ал эми өлкө боюнча «бизнести тейлөө борборлору» ачылат. Мыйзамдарда «Бир өкмөт» принциби бекитилет: анда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдан алууга мүмкүн кандай гана болбосун документтерди же маалыматты ишкерден суроого бардык мамлекеттик органдарга тыюу салынат.

Чет элдик инвесторлор үчүн «Бирдиктүү терезе» механизми киргизилип, бардык инвестициялык саясатты инвестициялар боюнча бир мамлекеттик ведомство координациялайт. Төрт жаңы банк пайда болот: кооперативдик, экспорттук, өнөр жайлык жана ипотекалык. «Арзан турак жай» программасы кайра каралып чыгат. Калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга «өзгөчө» көңүл бурулат.

Кыргыз продукциялары экспортто илгерлетилип, ал үчүн жаңы мыйзамдар кабыл алынат.

7. Инфраструктура

Энергетикалык сектор «акылдуу» болуп калат — акылдуу эсептегичтер коюла баштап, аралыктан көзөмөлдөө системасы жана бирдиктүү биллинг борбору ишке киргизилет. Энергетикалык сектордун кубаттуулугу 650 МВтка көбөйтүлөт — ал 4200МВТка чейин жеткизилет. Тарифтер кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшыртылышы менен биргеликте көтөрүлүп турат.

Шаарда суу берүү тармактарын реконструкциялоо, газ чарбасын куруу, жолдорду жаңылоо башталат.

Шаарда газ түтүктөрүнүн тармагын куруу, жылуулук тармактарын, суу берүү системасын реконструкциялоо жана оңдоо, жолдорду куруу жана реконструкциялоо, тротуарларды абаттоо маселелери чечиле баштайт. Таштандыны кайра иштетип чыгуу жана иреттөө боюнча жаңы санитардык полигондор курулат. Жигердүү жарандар үчүн «Жигердүү жаран» деп атала турган кызмат иштелип чыгат — ал аркылуу автивисттер муниципиалдык бийликтегилер менен өз ара кызматташа алышат.

«Балыкчы — Каракол — Балыкчы» жолу курулуп бүтөт — ал толугу менен Ысык-Көлдү курчап калат. Кыргызстандын түндүк-түштүгү темир жол менен байланыштырылат, «Манас» аэропорту толугу менен жаңыртылып, ал эми Ошто жаңы аэропорт курулат.

Балыкчы — Корумду жолунун курулушу

Аймактарга өнүгүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет, ошол эле маалда алардын социалдык жана экономикалык тармактар үчүн жоопкерчиликтери күчөтүлөт. Өлкөнүн ар бир аймагы экспортко багытталган белгилүү бир продукцияны чыгарууга адистешет.

Бери эле дегенде 700 миң айыл тургуну таза суу менен камсыздалат, ал эми айыл калкынын 40 пайызы суу агызуу (канализация — ред.) кызматтарынан пайдалана алат. Бул үчүн өкмөт эл аралык жардам сурайт.

8. Тышкы саясат

Кыргыз продукциялары чет элдик базарларда илгерлетилет. ЕАЭБ менен натыйжалуу «тоскоолдуксуз, алып коюуларсыз жана чектөөлөрсүз» натыйжалуу иштөөгө аракеттенүү. БУУ, ЖККБ, ШКУ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен кызматташтык бекемделет. Коңшу өлкөлөр менен чек аралар биротоло таризделип, анын ичинде кошуналар менен суу-энергетикалык маселелер чечилет.

Кыргызстандын мурдагы жарандарына өзгөчө шарттар түзүлөт: виза алууда консулдук жыйымдардан бошотулушат, Кыргызстанда жарым жылга чейин каттоосуз жүрүүнүн мөөнөтү узартылат, атайын уруксаттары жок иштөөгө мүмкүндүк берилет, керектүү учурларда акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт. Ошондой эле, мурдагы кыргызстандыктарга өлкөдө кыймылсыз мүлк, социалдык жана өнөр жай ишканаларын курууга жер тилкелерин сатып алууга жана өлкөнүн башка жарандары менен катар эле ишкердик кылууга мүмкүндүк берилет.

9. Укук коргоо органдары жана коррупция менен күрөш

Жазалоо чараларын азайтуу үчүн мыйзамдар гумандаштырылат. «Көптөгөн финансылык жана экономикалык» кылмыштар эркиндиктен ажыратуунун ордуна айыппул төлөө менен административдик иштердин катарына которулат. Транспорттук кырдаалды талдоо жана издөөдөгү адамдарды идентификациялоо үчүн күнү-түнү иштеген «Акылдуу шаар» видеобайкоо долбоору ишке киргизилет.

Коррупция менен күрөшүшөт. «Таза коомдун» жардамы аркылуу мамлекеттик кызматтарды керектөөчүлөрдүн аткаминерлер менен байланышы жоюлуп, документтерди электрондук түрдө алмашуу киргизилет. Мамкызматкерлердин декларациялары текшерилет — алар өз кирешелери менен мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун далилдеши керек болот. Өкмөт кызыкчылыктар кагылышын жана мамлекеттик кызматтагы сүрөөнчүлүктү жокко чыгаруу үчүн механизмдерди сунуштап, коррупциянын деңгээлин баалоо жана антикоррупциялык экспертизаларды өткөрүүнүн жаңы стандарттарын иштеп чыгат.

10. Экономика

Дыйкандар айыл чарба кооперативдерине бириктирилип, бийлик аларга «атайын насыя продукттарын» берип, продукцияларды сатууга жардам берет. Дыйкандарга кооперативде кандай иштөө керектиги жөнүндө кеңештер берилип турат.

Сугат жерлеринин аянты көбөйтүлөт жана тамчылатып сугаруу технологиясы киргизилет. Экспортту көбөйтүү үчүн фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар курулат. 77 миңге чукул адам жерди сугаруу мүмкүнчүлүгүн алышат жана 100 миңге чукул кыргызстандык сугат сууларын көбүрөөк алып калышат. Ал суу ресурстарын башкаруу тенологияларына жана жаңы стандарттарга ылайык, натыйжалуу сарпталып калат.

Бийлик Кыргызстанга экологиялык жана этникалык туризмге багытталган «жыл бою иштөөчү аймактык туристтик борбордун» имиджин иштеп чыгат. Мындан тышкары, «айыл туризмин» да өнүктүрүүнү көздөп жатышат — ал жергиликтүү тургундар менен аймактык экономикага пайда алып келет. Ошондой эле, кыйла көп кошумча киреше алып келе турган «премиум-класстагы» туризмди өнүктүрөт.

Өнөр жай өндүрүшү кайра жандандырылат. Кен иштетүүгө лицензияларды берүүдө коррупция азайтылат. Кен казган ишканалар менен калктын ортосундагы чыр-чатактарды жокко чыгарууга аракет кылат. Кен казуучуларды экологиялык талаптарды сактоого милдеттендиришет. Кыргызстанда күйүүчү май өндүрүү көбөйтүлөт, ал эми ага каражат салган инвесторлор үчүн шарттар түзүлөт.

«Кумтөр» кени

Жеңил өнөр жайдын класстерлери түзүлөт — бул бир аймакта жайгашып, бир продукцияны чыгарган бир нече ишкана. Маморгандар тарабынын жеңил өнөр жай ишканаларына талаптары азыраак болот. Алар үчүн жаңы кадрлар жаралат — билим берүү системасына инвестиция тартылат. Бул секторго жаңы технологиялар киргизилет.

11. Саламаттыкты сактоо

Калктын мурдагыдай эле «акысыз жана сапаттуу» баштапкы медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болот, бирок ал «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча уланат. Саламаттык сактоо системасын ар бир жарандын жоопкерчилигин күчөтүү жана камсыздандыруу аркылуу өнүктүрүшөт. Ошол эле учурда өкмөт калктын «жакырчылыкка батып кетүү тобокелдигисиз» медициналык кызмат көрсөтүүнүн, дары менен камсыз кылуунун коопсуздугун жана сапатын «натыйжалуу жөнгө салуучусу» болуп кала берет. ЖМКлар сергек жашоо образын пропагандалайт, ал эми мамлекет кыргызстандыктардын туура тамактанышына өзгөчө көңул бурат.

Бийлик жүрөк-кан тамыр жана онокологиялык оорулардан бала менен эненин өлүмүн азайтуу үчүн жаңы ооруканаларды курат. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге маяна ар бир дең соолугу чыңдалып кеткен адам үчүн төлөнөт: сакайып кеткендер канчалык көп болсо — ошончо көп маяна.

12. Үй-бүлө жана социалдык теңдик

Бийлик ата-энесинин камкордугусуз калган балдар менен балдар үйлөрү калбай калгыдай кылууну көздөп жатышат, тактап айтканда багуучу үй-бүлөлөрдүн инстутутун бекемдешмекчи. Өзгөчө «жакыр эмес» жана эмгекке жөндөмдүү жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктерди, преференцияларды, үстөктөрдү жана социалдык төлөмдөрдү берүү токтотулат.

Жумушсуздарды «алдыңкы маалыматтык технологиялардын» жардамы менен окутуу жана кайра окутуу жүргүзүлөт. Эмгек акысын төлөөдө өзгөчө анын өндүрүмдүүлүгү эске алынат. Кыргызстандыктар өздөрүнүн келечектеги карылыгына пенсиондук камыздандыруу аркылуу инвестициялай алышат, ал эми пенсиондук реформа административдик чыгымдарды жокко чыгарат.

13. Маданият

Маданий мекемелердин жетекчилерин конкурс аркылуу кызматка алышат. Кесиптик искусствону өнүктүрүшөт. Борбор Азиялык киномектеп түзүлүп, анын жардамы менен Кыргызстан кино чөйрөсүндө «постсоветтик мейкиндикте алдыңкы орундарга» чыгат. Эл аралык «Алтай цивилизациясын илимий изилдөө институту» түзүлөт.

14. Коопсуздук

Кыргызстан Борбор Азияда жигердүү түрдө аймактык чек ара коопсуздугунун инфраструктурасын түзөт. Ал адискөй аскер кызматкерлерин окутууга шарт түзөт. Чек арачылар жаңы электрондук система менен иштешет — чек арадан тездик менен өтүүгө мүмкүн болуп калат. Курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу түзүлүштөрдү, жардыруучу заттарды жана башка кооптуу нерселерди киргизүү жана чыгаруу «жаңы технологиялардын» жардамы менен көзөмөлдөнөт. Экстремизм жана радикализм менен өлкөнүн жарандарынын «укуктук аң сезимдерин» жогорку технологиялардын ыкмалары менен калыптандыруу аркылуу күрөшүшмөкчү.

Кыргыз чек арачысы

Маалыматтарды сактоонун жаңы стандарттары жана киберкоопсуздук жөнүндө мамлекеттик саясат иштелип чыгат. Киберкоопсуздук боюнча Улуттук кеңеш түзүлөт. Компьютердик кылмыштар үчүн жазалашат: мисалы, маалыматка, дайындарга, тармактарга мыйзамсыз жетүү, маалыматтын, дайындардын бүтүндүгүнө мыйзамсыз кийлигишүү же маалыматтык системалардын ишине мыйзамсыз кийлигишүү.

Аскерде «чоң аталык» кылуу үчүн жаза күчөтүлөт жана жалпысынан алганда аскер кызматкерлеринин укуктарын жакшыраак сактоого аракет кылышат.

15. Тил жана этностор

Билим берүү бара-бара көп тилдүү жана полимаданий болуп калат. Өкмөт компьютердик окутуучу программаларды, кыргызча-чет тилдерде тилдик котормочуну, акысыз компьютердик тесттер менен улуттук Интернет-ресурстарды өнүктүрүүнү колдоого жана түзүүгө дем берет.

Жарандык коомду «Кыргыз жараны» «саясий бирдейликти» түзүү менен бекемдешет — бул «ар кандай этностордун өкүлдөрүнүн этникалык, маданий жана тил өзгөчөлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө» шарт түзүп берет. Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарга ар кандай этностордун өкүлдөрү тез-тезден ала башташат.

16. Айлана чөйрө

Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну өркүндөтүү, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системаларын жакшыртуу, адамдардын аялуу топторун өз учурунда аныктоо, алардын ден соолуктарын чыңдоо, токой чарбасын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программалырды жызып чыгышат. Таштанды чыгындыларын башкаруу боюнча программа түзүлөт.

Бишкек шаарынын таштанды жайы. Сүрөт: Kloop.kg

Ысык-Көлдүн, Сары-Челектин жана Арстанбаптын экоситемаларын сактоонун үстүндө иштеп, экологиялык камсыздандырууну жана аудит жүргүзө башташат. Туристттер менен инвестиция тартыш үчүн Ысык-Көлдүн айланасында тазалоочу курулмалар пайда болот. Жашыл технолоиялар үчүн бажы салыктары азайтылып, өнүктүрүлөт.

Кыргызстандын аймагына токой массивдерин жана көп жылдык көчөттөрдүн плантацияларын отургузушат. Өлкөнүн аймагында мөмө-жемиш, жаңгак жана тез өсүүчү өнөр жай дарактарын түгүүгө кызыкдар болгон бизнеске жеңилдиктер сунушталат. Мал чарбасы, өсүмдүк чарбасы жана бакча чарбасы сыйзам чыгаруу аркылуу өнүктүрүлөт.

2023-жылга чейин план сандар менен

ИДПны эки эсе көбөйтүү. 2017-жылы ал 493 млрд сомду түзүп, бир жылда 4,5% көбөйгөн

Калктын реалдуу кирешесинин көлөмүн 2 эсе көбөйтүү. 2016-жылы алар 308,7 млрд сомду түзүп — бир жылда 5,2% көбөйгөн

Жакырчылыктын деңгээлин 15 пайызга чейин азайтуу. 2016-жылы ал 25,4%, ал эми 2015-жылы 32,1% түзгөн

ПРООНдун адамдык өнүгүү боюнча алдыңкы 80 өлкөнүн катарына кирүү. 2016-жылы Кыргызстан бул тизмекте 120-орунду алган

• Дүйнөлүк банктын бизнести жеңил жүргүзүү рейтингиндеги алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кирүү. 2018-жылы өлкө рейтингде бир жылда эки позицияны жоготуп, 77-орунду ээлеген.

Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүү индекси боюнча алдыңкы 80 өлкөнүн катарына кошулуу. 2017-жылы Кыргызстан бир жыл ичинде 111-позициядан көтөрүлуп, бул рейтингде 102-орунга чыккан.

Коррупцияны кабылдоо рейтинги боюнча алдыңкы 80 өлкөнүн катарына кирүү. 2017-жылы өлкө бир жылда бир тепкичке өйдө чыгып, 135-орунга илинген.