Сүрөт: Жанара Асанкул кызы/Kloop.kg         

Нарындын Учкун айылында жашаган Рахат Бозгунчиева чай ичкен чынылардын жардамы менен обон чыгарып, өзүндөгү жашыруун талантын ачып чыкканына үч айдын жүзү болду.

Рахат Бозгунчиева Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев орто мектебинде физика мугалими болуп эмгектенет.

Үй иши менен алек болуп жүрүп, чынылардын калдырап кеткенин угуп калган Бозгунчиевага идиштер менен музыка чыгаруу ою туулган. Алгачкы обонду чыгарууга ага эки жумадай убакыт талап кылынган.

«Үйдөгү бардык чыныларды алып чыгып, ар бир чыныны каккылап көрсөм, ар биринен ар башка, көбүнчө окшош үндөр чыкты. Ошентип бир жуманын ичинде күнүгө чертип бир күү үйрөндүм», — дейт ал.

Жаңырган 2018-жылдын башынан бери ал төрт обонду чыгарганды үйрөнгөн. Алар: «Токтогулдун кербези», «Мөлмөлүм», «Чал-кемпир» жана «Карагат». Башында үй-бүлөсү анын оюн туура эмес кабыл алып жүргөнү менен бирок кийин колдоо көрсөтө баштаган.

«Жолдошум “кайра эле калдырата баштадынбы? Андан көрө эс ал да!” дей берчү. Ошентип үйдөгү жагдайларга жараша баарын уктатып коюп, чай ичкен үйдүн эшигин бекитип алып, анан чертээр элем. Бирок бир нече убакыт өткөн соң жолдошум биринчи чыгарган обонумду угуп, “Жакшы болот турбайбы!” деп мага болгон ишеними пайда болуп, колдой баштады», — деп эстейт Бозгунчиева.

Обон чыгаруу үчүн ал бир чоң темир кашык жана жети чыны колдонот. Бозгунчиева музыка аспаптарынын бешөөсүн базардан сатып алса, экөөнү өзүнүн ашканасындагы идиштеринин арасынан тапкан.

«Базардан ар бир чыныны бирден чертип, карап чыгуу бир аз тоскоолдук жаратты. Сатуучуларга айтып түшүндүрүп, бир күндүн ичинде чыныларды араң таптым», — деп токтолду физика мугалими.

Музыкалык билими жок болгондуктан алгач обон чыгаруу өтө кыйын болгонун айтат. Андан кийин физика багытында алган билиминин жардамы тийип, бара-бара үйрөнүп кеткен. «Үн толкундары туурасында китептерде көптөгөн түшүнүктөр бар, ошолорду окудум», — дейт ал.

Бул өнөрүн айылдаштары жакшы кабыл алып, үйрөнгүсү келгендердин саны да көбөйүп баратат.

«Иним оңой көрүп “Үйрөтүңүз” деп келиптир, караңгыга чейин үйрөтсөм, черте албай кайра кетти», — деп кошумчалады Бозгунчиева.

Чынылар менен музыка чыгарууну кызыгуу катары кабыл алган физика мугалими келечекте дагы жаңы обондорду ойногусу келет.