Жээнбеков Атамбаевдин мурдагы жансакчысын УКМКнын башчысынын орун басарлыгынан кетирди

Дамир Мусакеев

Дамир Мусакеев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Кыргызстандын жогорку мансаптагы аткаминерлерин кайтарган 9-кызматынын зардалдыгынан бошотулду. Мусакеев — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы.

Мусакеев өз кызматынан учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык кетти.

Анын кызматтан бошотулганы азырынча белгисиз бойдон калууда, расмий маалыматта «берген арызына ылайык [...] бошотулду» деп айтылат. Өз ыктыяры менен болгон отставка негизи «өз каалоосу менен» деп түшүндүрүлөт.

УКМКнын басма сөз кызматы Мусакеевдин отставкасы боюнча «Клоопко» комментарий бере албасын айтып, башка маморгандарга кайрылууну суранды. Президенттин басма сөз кызматы азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

Мусакеев мурдагы жана учурдагы Кыргызстандын президенттеринин ортосундагы ыктымал жаңжалдын шартында кызматынан бошотулуп жатат.

КСДПнын курултайынан кийин Атамбаев Жээнбековду Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрү үчүн катуу сындаган, анда учурдагы президент күч органдарын  коррупция менен «натыйжасыз» күрөш үчүн сынга алган.

Коррупция менен күрөш Атамбаевдин президенттигинде негизги багыт болгон — муну менен Жээнбековдун күч түзүмдөрүн сынга алганы мурдагы президент кошо сынга кабылгандай болуп калган.

Атамбаев өзү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылчу сөздү Жээнбековго «астыртан салып коюшкан» деп божомолдогон.

Жээнбековдун басма сөз кызматы Атамбаевдин «эмоционалдуу билдирүүлөрүнө» комментарий бере албасын маалымдаган.

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы — Мусакеев — КСДПнын курултайында байкалган. «24.kg» басылмасы жазып чыкканына ылайык, УКМКнын 9-кызматынын башчысы курултайда пайда болгону ал саясаттан тышкары болушу кереги үчүн коомчулуктун суроолорун жараткан.


ТЕМА БОЮНЧА: