Эки цитата менен: Атамбаев жана Матраимов «Райым-миллиондун» дайындалып бошотулушу жөнүндө

Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан 2017-жылдын ноябрында бошотулган Райымбек Матраимов «Азия News» гезитине курган маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзү тууралуу сөздөрүнө комментарий берди. Материал гезиттин 5-апрелдеги санына чыккан.

Негизинен Матраимов Бажы кызматына жумушка кирүүгө Атамбаев менен анын мурдагы жеке айдоочусу жана кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун тиешеси бар экенин билдирген.

«2015-жылдын август айында менин Бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен досум Икрамжан Илмияновдун түздөн-түз тиешеси бар. Аны танбайм да, жашырбайм да. Кезегинде КСДПны колдоп, мамлекетке канчалык деңгээлде кызмат көрсөткөнүмдү өздөрү жакшы билишет», — деген ал.

Атамбаев 31-март күнү басма сөз жыйында Матраимовдун «көмүскө схемаларга» тартылгандыгы үчүн кызматтан кетирүүнү өзү премьер-министр Сапар Исаковдон суранганын айткан.

«Мурдагы жылы көмүскө схемалардын айынан бюджетке 10 млрд сом түшпөй калган. Өткөн жылы премьер-министр Сапар Исаковдон бул схемадагы кардиналдардын бири "Райым миллионду" кызматтан алышын катуу сурангам. Ал Матраимовду 23-ноябрда бошоткон. […] Эгерде сен коррупция менен күрөш жөнүндө кыйыкырып жатсаң, анда сенин жакындарыңда, досторуңда эч кандай "Райым-миллиондор" болбошу керек», — деп билдирген экс-президент.

Премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду былтыр 23-ноябрда «жетекчиликтин саясатына дал келбегендиги» үчүн кызматтан бошоткон. 2017-жылдын февралында «Азаттык» үналгысынын журналисттери аткаминердин туугандарынан кымбат баадагы үч үйдү табышкан, ошол эле учурда анын жылдык кирешеси 8500 АКШ долларына чукул сумманы түзгөн.