Өз ичин тилген акын Ормуков ооруканадан тергөө изоляторуна которулду

Милиция кызматкерлери акын Темирлан Ормуковду ооруканадан Бишкектин 1-тергөө изоляторуна которушту. Ормуков 29-мартта милиция бөлүмүнөн соттун аны тергөө изоляторуна (ТИЗО) камоо жөнүндө чечимине каршылык билдирүү максатында өзүнүн ичин устара менен тилип салган.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына милиция кызматкерлери Ормуковду «врачтардын уруксаты» менен тергөө изоляторуна которушканын айтты.  

«Ормуков азыр тергөө изоляторунда. Врачтар Ормуковго медициналык жардам көрсөтүлдү жана ал тергөө боюнча өтө алат деген корутунду беришти», — деди Оморов.

Милициянын кызматкерлери Ормуковду 29-мартта эле тергөө изоляторуна камамакчы болушкан. Бирок ошол күнү Ормуков милиция бөлүмүнөн соттун аны тергөө изоляторуна камоо жөнүндө чечимине каршылык билдирүү максатында өз ичин устара менен тилип салган.

Акынды Улуттук кордиология бөлүмүнө алып кетишкен, анткени анын «жүрөгүнүн абалы начарлап» кеткен. Ормуков «Азаттык» үналгысына курган маегинде бул кадамга «аргасыздыктан» барганын айткан.  

Бишкектин Ленин райондук соту 2017-жылдын сентябрында Ормуковду парламенттин депутаты Дастан Бекешевдин дарегине айтылган «коррупция боюнча жалган айыптоо» үчүн бир айга камакка алууну токтом кылган.

Ормуков Бекешевди оң рулдуу автомобилдерди алып-сатуу менен алектенген ишкерлердин кызыкчылыктарын парламентте коргоо үчүн ири суммадагы акча алган деп айыптаган.

Бекешев Ормуковдун билдирүүсүн текшерүүгө алынышын талап кылган. Милиция Ормуков билдирген фактыларга далил таппай коюп, ага каршы кылмыш жасоо жөнүндө көзкөрүнөө жалган каралоо фактысы боюнча кылмыш ишин ачкан.

Ормуков ырлары аркылуу өзүнүн фэйсбук барагында президент Алмазбек Атамбаевди жана өкмөттүн аткаминерлерин сынга алгандыгы менен белгилүү.