УКМКнын төрагасы Сегизбаев жана анын орун басары бошотулду

Абдил Сегизбаев

Президент Сооронбай Жээнбеков Абдил Сегизбаевди берген арызынын негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалык кызматынан бошотту. Бул туурасында өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын башсычы бошотулганы жөнүндө 7-апрелде белгилүү болду. Жээнбековдун басма сөз кызматы билдиргендей, Сегизбаев «берген арызынын негизинде» бошотулган.

Сегизбаев менен кошо кызматынан УКМКнын төрага орун басары, Коркунучтарды талдоо жана аныктоо кызматынын директору Болот Сүйүмбаев да бошотулду.

Сегизбаев УКМКны 2015-жылдын ноябрынан тарта жетектей баштаган. Буга чейин ал ар кандай убактарда «Сорос-Кыргызстан» фондусунда, Швейцариялык эл аралык кызматташуу боюнча ассоциациясында жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштеген.

Сегизбаев саясий карьерасын 2003-жылы президент Аскар Акаевдин басма сөз катчысы катары баштаган. 2011-жылы ал Атамбаевдин кеңешчиси болуп калган, андан соң президенттик аппаратты жетектей баштаган.

Ал 2014-жылы УКМКнын төрага орун басарлыгына дайындалып, бир жылдан кийин бул мекемени жетектеп калган.

Болот Сүйүмбаев

Ал эми Сүйүмбаев Атамбаевдин мурдагы жансакчысы болгон. Ал УКМКнын төрага орун басарлык кызматын 2015-жылдын майынан тарта ээлей баштап, 2016-жылы ал Коркунучтарды талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп калган.

Ошол кезде Кыргызстандын президенттик кызматын ээлеп турган Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын декабрында «коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы» үчүн Сегизбаевге генерал-майор наамын ыйгарган.