Жээнбеков менен Отунбаева апрель окуясында курман болгондорду Атамбаевсиз эскеришти

Сүрөт: Султан Досалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков жана экс президент Роза Отунбаева 2010-жылдагы революцияда курман болгондордун элесине арналган «Ата-Бейит» мемориалдык дубалына гүл коюшту. Экс-президент Алмазбек Атамбаев убада бергени менен иш-чарага келген жок. Кийинчерээк КСДП ал «ооруп» атканын билдирди.  

Кыргызстандын президентинин сайты маалымдагандай, Соооронбай Жээнбеков менен кошо курман болгондорду эскерүүгө парламенттин спикери Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана экс президент Роза Отунбаева барган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев чакырылганына карабастан калгандар менен кошо мемориалдык комплекске барган эмес. Атамбаев өзү төрагалык кылган КСДПдан билдиришкендей, ал ден соолугуна байланыштуу бара албай калган.

Атамбаевдин жардамчысы 6-апрель күнү иш-чарага бир күн калганда «Клооптун» редакциясына экс президент «Ата-Бейиттеги» эскерүүгө катышаарын тастыктаган.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, Атамбаев эскерүү иш-чарасына чакырылган, бирок аларга экс президент эмне үчүн Жээнбеков жана Отунбаева менен кошо келбей тургандыгы жөнүндө кабар түшкөн эмес.

Атамбаев менен Отунбаеванын мамилеси 2016-жылдын 31-агустунда бузулуп кеткен. Атамбаев Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүн айтып жаткан учурунда Отунбаеваны өзү демилгелеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөргө каршы чыкканы үчүн сынга алган.

Мындан тышкары, Отунбаева 2017-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерүү иш-чарасына чакырылган эмес.  Учурда экс-президент Роза Отунбаеванын революциянын сегиз жылдыгына арналган иш-чарага катышуусу Атамбаев менен араздашып кеткенден кийинки биринчи расмий иш-чара.