Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын келип чыгуусун аныктап жаткан депутаттык комиссия жакын арада өз иликтөөсүн аягына чыгарышы керек. Ошондой эле, бул ишти Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) да иликтеп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин эмне белгилүү жана жылуулук борбордогу авариянын айынан кимдер кармалды?
Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, анын айынан бишкектиктердин көпчүлүк бөлүгү, шаарда абанын температурасы Цельсий боюнча -25 төмөн болуптурган кезде, жылуулуксуз калышкан. 30-январда шаардыктардын батареяларында суунун температурасы жогорулай баштаган менен адистерге ЖЭБдин жумушун 2-февралда гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон.
Авариядан кийин дароо эле ЖЭБдин жетекчилиги кырсык 2017-жылдын 30-августунда мекеменин жаңы ачылган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүндө болгонун билдирип чыккан. Кыргызстан жылуулук борборун жаңыртууга Кытайдан 386 млн доллар алган, бирок аларга кайра 492 млн доллар кайтарып бериши керек.
Авария болгондон кийин эртеси күнү премьер-министр Сапар Исаков жылуулук борборуна барып, бузулуун себептерин дыкат иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жазалоону тапшырган.
Текшерүүнү «антитеррористтик иш-чаралардын алкагында» УКМК да баштаган. УКМКнын кызматкерлери эмнелерди иликтээрин ошондо алардын басма сөз кызматы түшүндүрүп берген эмес.
«Персоналдык жана кылмыш жоопкерчилиги»
Башкы прокуратура 30-январда авариянын айынан «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мекеменин басма өз кызматы ошондо ЖЭБдеги авария «кызмат адамдарынын өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбагынан» болгонун билдирген.
Башкы прокуратурадан күнөөлүүлөр «жеке жана кылмыш жоопкерчилигине» тартылаарын убалашкан.
Ошондой эле, авариядан кийин ведомстволор аралык жана парламенттик комиссия түзүлгөн.
Авариянын айынан биринчи кызматтан алуу 2-февралда жүз берген. Өкмөт башчы ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулун бошотууну тапшырган. Анын ордуна электр жабдыктар боюнча башкы инженердин орун басарлык кызматын ээлеген Андрей Воропаев дайындалган.
«Адамдык фактор»
Февралдын ортосуна карата өкмөттүк комиссия алдын ала жыйынтыктарды чыгарып: «жабдуулардын суукка даяр эместиги», «буу казандар үчүн химиялык тузсуздандырылган суунун жетишсиздиги» жана «ыкчам персоналдын макулдашылбаган аракеттери» деген авариянын себептерин атаган.
Комиссиянын корутундусунда ыкчам персонал тузсуздандырылган суу туура эмес берилип жатканын «өз убагында аныктай албай койгон» деп айтылат. Мындан тышкары, ар бир цехтин кызматкерлери авария учурунда макулдашпай иштешкен.
Өкмөттүк комиссия билдиргендей, авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгон жана эч кандай жаңыртылган блок менен байланыштуу эмес. Комиссиянын маалыматына ылайык, авариядан кийин кырдаал жабдуулардын жарымы тоңуп калгындыгынын айынан татаалдашып кеткен.
Буу казандар тоңуп калбашы үчүн андагы сууну төгүп ташташкан, бирок казандар менен байланыштыруучу түтүктөрдөгү суу тоңуп калган. Станциянын персоналы казан агрегаттарын кайрадан ишке киргизүүгө аракет кылышканда, тоңуп калган түтүктөр жарылып кеткени аныкталган. Башка казандарда түтүктөрдү ачык от менен жылытууга туура келген.
Ошондой эле, комиссия борбордун персоналы ЖЭБдин жаңыртылган бөлүктөрүнүн бирин химиялык тузсуздандырылган суунун жетишсиздигинен улам өз убагында ишке киргизе албагынан аныктаган.
Натыйжада өкмөттүк комиссия ЖЭБдин жетекчилигинен сегиз адамды, ал эми «Электр станциялар» ишканасынын жетекчилигинен төрт адамды ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуштаган.
Ошол кезде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев бул жыйынтыктар «ылдам кабыл алынгандай болушу» мүмкүндүгүн, бирок «эл күнөөлүүлөрдү жазалоонун талап кылып атканын» билдирген. Анын айтымында, бошотуу боюнча акыркы чечимдерди премьер-министр кабыл алышы керек.
Аварияга дал ошол адамдык фактор себеп болгону жөнүндөгү версияны ЖЭБдин азыркы жетекчилиги да карманууда. Авариядан кийин дайындалган станциянын директру Андрей Воропаев борбордун кызматкерлери керектүү жабдууларды өз маалында күйгүзбөй коюшкан деп билдирген.
«Химиялык цех өз маалында жабдууну кошпой койгон жана суук боло баштаганда казандар менен турбиналарга күч келип, суу жетишпей калган», — деди ал.
«Кытай компаниясы күнөөлүү»
Кырсык үчүн ЖЭБдеги кызматынан алынган башчы Нурлан Өмүркул уулу Кытайдын ТВЕА компаниясы жаңыртуу учурунда сууну туздан тазалап турган жаңы химиялык цехти курбай койгондугунан болгон деп эсептейт.
Өмүркул уулунун айтымында, эски химцех ЖЭБДин жаңы жана эски блогунун иштөөсү үчүн керектүү көлөмдө сууну тазалай алмак эмес, ошондуктан авария болгон.
«Маселенин өзөгү жаңыртуунун алкагында химцех курулбай калганында жатат. Эски химцехтин кубаттуулугу жаңы жана эски блокторго жетпей калган», — деген ал.
Мындан тышкары, Өмүркул уулу авариянын кесепети экси от жагуу цехинин чатыры тешик болуп, анын терезелери жетиштүү деңгээлде айнектелбегендиктен татаалдашып кеткен деп эсептейт. ЖЭБдин мурдагы директору имараттарды жана курулуштарды оңдоого акча 2015-жылдан тарта Улуттук энергетикалык холдингдин каражаттарды үнөмдөө боюнча саясатынын айынан бөлүнбөгөнүн айткан.
ТВЕА компаниясы авария жылуулук борбордун жаңыртылган бөлүгү менен байланыштуу деген жыйынтыктарды «негизсиз» деп атады.
«Авариянын себебинин 80 пайызы адамдык фактор менен ал эми 20 пайызы жабдуулардын эскилиги жеткенине байланыштуу, авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгү менен эч кандай байланыштуу болушу мүмкүн эмес», — деп айтылат компаниянын маалыматында.
Компаниядан билдиришкендей, авария учурунда жаңы блокту ишке берүү үчүн суу жетиштүү болчу.
«ЖЭБдин эски бөлүгүндөгү аварияны эмне себептен жаңы бөлүгү менен байланыштырып жатышканы түшүнүксүз, себеп дегенде дал ошол жаңы блок шаардын жылуулук тармагын сактап калып, элди миллиарддык зыяндан куткарып калды», — деп айтылат маалыматта.
ТВЕА компаниясынан «айрым кастык кылган күчтөр» аварияны компаниянын ишин каралоо үчүн шылтоо катары колдонуп, Кытай менен Кыргызстандын кызматташтыгына доо кетирүүнү каалашууда деп эсептешет.
Техникалык тапшырма боюнча, кытайлык адистер эски химцехтин ишине анализ жүргүзүп, жаңыртуу учурунда жаңысын куруу керек же керек эмес экенин чечүүлөрү зарыл болчу. Бирок анда цехти курушкан эмес.
Учурда жаңы химцех куруу үчүн ЖЭБге жабдыктар алынып келинди.
УКМКнын кармоолору менен сурактары
Март айынын башында УКМК «аварияны иликтөөнүн алкагында» «Электр станциялар» ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков менен бузулуунун айынан бошотулган ишкананын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоевди кармаган.
Алар ЖЭБди күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдоо үчүн бөлүнгөн «өзгөчө ири өлчөмдө» акчаны уурдоого шектелишүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар жалданмачылар менен жалган келишимдерди түзүп, компаниядан акчаларды чыгарып турушкан.
УКМК «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу», «Коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан кыянат пайдалануу» жана «Жасалмалоо же жасалма документтерди колдонуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Атайын кызмат 2-апрелде «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору менен ЖЭБди жаңыртуу боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкуловду «ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга» шектеп кармаган.
Башында аткаминерлер Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу кылмыш иши боюнча өтүп жатышкан, андан кийин алардын иштери өзүнчө өндүрүшкө алынган. Биринчи май райондук сот 5-апрелде кармалгандардын бардыгы тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагында калышаарын аныктаган.
Мындан тышкары 4-апрелде УКМКнын басма сөз кызматы Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев эки жолу Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу суракка чакырылганын билдирген. Басма сөз кызматтан «Клооптун» кабарчысына Калиев кайсы күндөрү суракка алынганын айтуудан баш тартышкан. Ошондой эле, УКМК энергохолдингдин башчысы ким катары суракка чакырылганын айтышкан эмес.
Депутаттык комиссиянын иликтөөсү
Парламенттик комиссия авариянын чыгышынын себебин жана 386 млн доллар насыянын максаттуу пайдаланылышын иликтөөнү аягына чыгып калды, бирок өз корутундусунун акыркы вариантын даярдай элек.
Депутаттар 2013-жылы Кытай менен келишимди түзүүгө жана ратификациялоого жооптуу болушкан аткаминерлерди сурамжылап атышат.
Комиссиянын башчысы жана КСДПнын депутаты Улан Примовдун айтымында, аларга болгону 2014-жылы Кытайдын TBEA компаниясынын эсебинен Гонконгго барып келген өздөрүнүн депутат кесиптештерине жана ошол кезде премьер-министр болуп турган Жантөрө Сатыбалдиевге суроолор калган.
Азырынча комиссия мүчөлөрүнүн өз ара корутундусу качан макулдашылаары белгисиз. Ошондуктан алардын эч кимиси авария жана жаңыртуунун баасы жөнүндө кандайдыр бир жайынтыктарды ачыктабай жатышат.
Бирок Примов «Азаттык» үналгысына курган маегинде билдиргендей, ал үчүн УКМК кармоолорду жүргузүп жатканы күтүүсүз деле болгон эмес.
«Атайын кызматтар бул багытта иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгы менен кошумча жагдайлар ачыкка чыгып жатканын көрүп жатабыз. Демек, бул жерде мурда белгисиз болгон бир топ нерселер болушу мүмкүн. Ошондуктан таң калаарлык деле эч нерсе жок», — деген ал.
Комиссияга кирген «Өнүгүү» фракциясынан Исхак Масалиев эгерде күч органдары эл өкүлдөрүнүн корутундусуна көңүл бурушса, анда башка аткаминерлер да жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн деп эсептейт.
«Мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болду. Бирок бул жерде бир жагдай бар — бул камоо Кытайдан алынган насыяга тиешеси бар-жок экенин аныктоо зарыл. Эгер биздин депутаттык комиссия да бул боюнча ачыкка чыгарган маалыматтарга укук коргоо органдары көңүл бурса, дагы бир топ жетекчилер жоопко тартылышы мүмкүн», — деди ал.