Исаков ЖЭБдеги авариянын айынан Улуттук энергохолдингдин жана «Электр станциялардын» башчыларын кызматтан алат

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын айынан «Улуттук энергетикалык холдингдин» башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялар» ишканасынын башкы директору Узак Кадырбаевди ээлеген кызматтарынан бошотот.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Исаков 26-январда Бишкек ЖЭБинде болгон аварияга жооптууларды аныктады. Исаковдун айтымында, Калиев күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык үчүн жоопкерчилик тартышы керек.

«Мен Ведомстволор аралык комиссиянын иликтөө жыйынтыгын күттүм. Жыйынтыгында белгилүү болгондой, Улуттук энергохолдинг депутаттарга жана кеңири коомчулукка ЖЭБди модернизациялоо боюнча негизги темаларды түшүндүрүп бере алган жок», — деп билдирди премьер-министр.

Калиевден жана Кадырбаевден тышкары башкы кызматкерлер менен жетекчилер да жоопкерчиликке тартылат:

«Электр станциялар» ишканасында:

  • Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын начальниги Сергей Абдулхаиров — катуу сөгүш;
  • Техникалык директор Алмаз Жусупбеков — ээлеген кызматынан бошотуу;
  • Гидротехникалык кызматтын начальниги Кубанычбек Манкиев — ээлеген кызматынан бошотуу;
  • Жылуулук техникалык жабдууларын оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын начальниги Урмат Мамбетов — ээлеген кызматынан бошотуу;
  • Башкы директордун биринчи орун басары Бердибек Боркоев — ээлеген кызматынан бошотуу.

Улуттук энергохолдингде:

  • Төраганын орун басары Нурлан Садыков — катуу сөгүш;

Катуу сөгүштү Мамлекеттик өнөр-жай комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов жана анын орун басары Азамат Оморов, мындан тышкары, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик коимитеттин директорунун орун басары Болот Жусуев алды.

Исаковдун айтымында, ЖЭБдин катардагы кызматкерлеринин күнөөлөрү «анча-мынча» эле, анткени алар жетекчиликтин көрсөтмөлөрүн аткарышкан. «Процессти башкаргандар үчүн катардагы кызматкерлер жоопкерчилик тартпашы керек», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары, өкмөт башчы ЖЭБдеги авария «чексиз шаалакылыктын» айынан болгон деген тынак чыгарган. «Кышында бүтүндөй шаар жылуулуксуз калды, албетте, мындай нерсе кечирилгис», — деди Исаков.

Исаков ЖЭБдеги авариянын себептери боюнча комиссиянын корутундусун колдоду. Комиссия жылуулук борборунун кызматкерлери аварияны жокко чыгаруу боюнча эрежени бузган деген тыянак чыгарган.

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, анын айынан бишкектиктердин көпчүлүк бөлүгү, шаарда абанын температурасы Цельсий боюнча -25 төмөн болуптурган кезде, жылуулуксуз калышкан. 30-январда шаардыктардын батареяларында суунун температурасы жогорулай баштаган менен адистерге ЖЭБдин жумушун 2-февралда гана калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон.

Кыргызстан жылуулук борборун жаңыртууга Кытайдан 386 млн доллар алган, бирок аларга кайра 492 млн доллар кайтарып бериши керек.


ТЕМА БОЮНЧА: