Сузак: Кара-Дарыяга жеңил унаа кулап, үч киши набыт болду

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Кара-Дарыя суусуна «Фольксваген-Гольф 3» үлгүсүндөгү машина кулап, натыйжада үч киши каза болду.

Сузактын Достук айылында 13-апрель күнү түшкө маал «Фольксваген-Гольф 3» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу машинасын башкара албай калып, жолдон четтеп барып Кара-Дарыя суусуна кулап кеткен.

«Жол кырсыгынын кесепетинен жеринде эки адам мерт болуп, ал эми бир жаштагы наристе ооруканада көз жумду. Дагы эки жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды», — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы.

Басма сөз кызматтан кошумчалашкандай, куткаруу үчүн ӨКМнин Жалал-Абад шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.