«5 млн доллардан ашуун зыян». Инвестор Казармандагы фабрика өрттөлгөн үчүн кун талап кылат

Макмалдагы өрт. Сүрөт: «Турмуш»

Алтын өндүрүүчү «Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын өкүлү билдиргендей, алардын имаратын өрттөөдөн улам алдын ала зыяндын өлчөмү 5 млн доллардан ашуун каражатты түзгөн. Жалал-Абад облусунунун Тогуз-Торо районунда фабриканы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясынын учурунда өрттөп кетишкен.

Өз атын атагысы келбеген команиянын топ-менеджерлеринин бири «Клоопко» курган маегинде зыяндын алдын ала өлчөмү 5 млн долларды түзгөнүн айтты.

Бирок, маалымат булагынын айтымында, эсептөө аягына чыга элек, эсептөө бүткөн соң зыяндын ордун толтуруп берүү жөнүндө доомат өкмөткө жөнөтүлөт.

«Зыянды эсептөөнүн акыркы жыйынтыгы аркы жумада даяр болот. Бизде расмий документ болот, ошондо биз зыянды төлөп берүү жөнүндө айта алабыз», — деди компаниянын өкүлү.

Өкмөттөн иликтөө дагы деле уланып жатканына таянышып, окуяга комментарий берүүдөн баш тартышты.

Компания мындан тышкары, араздашуудан кийин кызматынан бошотулган Тогуз-Торо районунун мурдагы акимине карата да доо арыз берет. «Биздин юрист арыз даярдап атат. Азырынча чоо-жайын айтып бере албайм, бул абдан узак окуя. Жакынкы күндөрү бардыгын кабарлайбыз», — деди компаниянын өкүлү.

Казарман айлынан алыс эмес жерде жайгашкан алтын өндүрүүчү фабрика райондо дагы бир ишкананын курулушуна нааразы болгон жергиликтүү туругундардын каршылык акциясы учурунда 11-апрелде өрттөлгөн.

Милиция «Бейбаштык», «Билип туруп өрттөө ыкмасы менен бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Кимдир бирөө кармалып же кармала электиги тууралуу азырынча белгисиз.

Жергиликтүүлөр менен араздашуу

Казармандын тургундары 10-мартта аткаминерлер менен жаңы фабриканын курулушу жөнүндө сүйлөшүп атышат. Даниль Усмановдун сүрөтү

Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун тургундары Макмал кениндеги алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы бир нече жолу митингге чыгышкан. Каршылык акциясынын бир нечеси февралда жана мартта өткөн.

Февралда каршылык акцияларынын айынан фабриканын курулушу токтотулган. Марттын башында жергиликтүү тургундар фабриканын курулушу чынында эле токтотулганына ынаныш үчүн тосмону бузуп киришкен.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, алар райондо экинчи алтын өндүрүүчү ишкананын курулушуна нааразы болушууда. Анткени ал айлана-чөйрөгө зыянын тийгизи ыктымал. Тогуз-Торо районунда буга чейин эле совет доорунда курулган «Макмалалтын» фабрикасы бар.

«Инвесторлор келип, эл менен сүйлөшүп, түшүндүрүүчү жана уруксат документтерин көрсөтүп коюшканда бардыгы башкача болмок. Алар аны кылышкан жок да», — деп айткан каршылык акциясынын катышуучуларынын бири.

«Жи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын директору Максат Жээналиев ырастагандай, жергиликтүүлөрдүн кооптонуулары «негизсиз». Анткени алар «таза технологияларды» колдонушат. Анын пикири боюнча, башаламандыктардын артында «керт башынын пайдасын ойлогон» адамдар турушу мүмкүн.

Казарманда башаламандыктар жергиликтүүлөр өкмөттүк комиссия менен жолугушушу керек болгон учурда 11-апрелде башталган. Ошол күнү белгисиз адамдардын тобу фабриканын аймагына кирип барып, имарат менен жабдууларды өрттөп кетишкен.

Макмал алтын кени

Макмал алтын кени 1986-жылы иштей баштаган, алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95% пайызын түзөт.

2017-жылдын март айында мамлекеттик «Кыргызалтын» ишканасынын башчысы Алмаз Алимбеков 2012-жылдан тарта «Макмалалтын» комбинаты алтындын кору дээрлик түгөнүп калгандыктан киреше алып келбей калганын билдирген.

Ошол эле жылы өкмөт «Жи Эл Макмал» компаниясын негиздеген кытайлык бизнесмен Ян Вэнхуа аттуу инвесторду тапкан.

Компания 2017-жылдын сентябрында бүткүл республика боюнча алтын камтыган заттарды кайрадан иштетип чыгуу боюнча өндүрүш объектисин кура баштап, аны 2018-жылы жайында бүтүрүүнү пландаган.