Фарид Ниязов КСДПнын төрага орун басарлыгынан кетип, «Апрель» фондусун жетектей баштайт

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов.

Экс-президент жана КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев бул фракциянын 19 депутаты менен жолугушууда Фарид Ниязов партиянын төрага орун басарлык кызматынан кетээрин айтты. Ниязов Аксы окуясы менен апрель революциясына катышкандарга жардам берген «Апрель» кайрымдуулук фондун жетектей баштайт.

Социал-демократиялык партиянын лидери Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча» резиденциясында парламенттеги КСДП партиясынын 19 депутаты менен жолугушту. Жалпысынан КСДП парламенттик фракциясында 38 депутат бар. Жолугушуудан кийин эл өкүлү Рыскелди Момобеков билдиргендей, Ниязов «Апрель» кайрымдуулук фондусун жетектей баштайт.    

«Мен бүгүн жолугушууда Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда пикир келишпестик Фарид Ниязовдун айынан чыкканын айттым. Ал өлкө башчысынын аппаратын жетектеп аткан учурда фракция менен байланыш түзүүдө катачылыктарды кетирген. Мунун бардыгын угуп, экс-президент Фарид Ниязов партиядагы ишин токтотоорун айтты», — деди Момбеков.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, Фарид Ниязов КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү болуп кала берет, бирок партиянын төрагасынын биринчи орун басарлык кызматынан кетет.

«Фарид Абилезимович фондду жетектеп кете труганы боюнча көптөн бери эле белгилүү болчу. Бул жөнүндө Алмазбек Атамбаев апрель революциясынын катышуучулары менен жолугушууда  6-апрелде эле айткан. Фарид Ниязов фонддун аткаруу директору болуп калат», — деди Жолдубаева.

Анын айтымында, «Апрель» фонду Аксы жана апрель революцияларынын катышуучуларына жардам берет.


ТЕМА БОЮНЧА: