Бир кадр менен: Баткендин айгүлү гүлүн ачты

Сүрөт: Зафер Динчер

Баткен шаарынан 20 километр алыстыктагы Кара-Булак айыл аймагынын тоо кыркаларында кездешүүчү айгүл гүлү жыл сайын апрель айынын ортолорунда бүрдөй баштайт. Айгүл 15 күндөй, апрель айынын аягына чейин, ачылып турат.

Бул мезгилде айгүлдү көрүүгө күнүнө 500дөй зыяратчы келет.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, анын уругу жети жылда жетилип, андан соң гүл ача баштайт. Ал эми коңгуроосунун саны гүлдүн жашын билдирет.

Айгүл — кызыл китепке киргизилген. Гүлдү Кара-Булактагы мектеп окуучулары өз ыктыяры менен кайтарууга алышкан. Дүйнө жүзүндө сейрек кездешүүчү айгүлдүн үзүлгөн ар бир талына 300 сомдон айыппул салынат.