Казарман: Милиция алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөөгө шектүү 15 адамды кармады

ИИМдин Тергөө кызматы Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун 15 тургунун бейбаштыкка шектеп кармады. 11-апрелде белгисиз адамдар Казармандын райондук борборунан алыс эмес жерде жайгашкан «Жи Эл Макмал» алтын өндүрүүчү фабрикасын өрттөп кетишкен.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган 15 адам убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген. Алар 11-апрелде алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөөгө шектелип кармалышкан.

Ошол эле учурда Тогуз-Торо районунун 50дөн ашуун тургуну Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар милиция алтын өндүрүүчү фабриканын жанындагы митингдин чыныгы козутуучуларын кармабаганына нааразы болушту.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, кармалгандардын арасына үй-бүлөсүндө мектепте окуган төрт баласы жана эки айлык ымыркайы бар аял бар.

«Чыныгы козутуучалар эркиндикте, аларга тийбей жатышат. Кармалгандарды бошотууну суранабыз», — деди митингдин катышуучуларынын бири.

Алтын комбинатындагы өрт

Белгисиз адамдар 11-апрелде «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабрикасынын имаратын өрттөп кетишкен. ИИМдин маалыматы боюнча, ал жакта жергиликтүүлөр ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуулары керек болчу, бирок комиссия менен жолугушуу башталганга чейин эле чогулгандар аларды көздөй «таштарды ыргыта башташкан».

Ошондон кийин алар фабриканын аймагына кирип барып, курулуп жаткан имарат менен техниканы өрттөп кетишкен. Окуя болгон жерге чакырылган өрт өчүргүч техника каршылыкка чыккандар жолду тороп алышкандыктан күйүп жаткан имараттарга өтө албай калган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кагылышта курчоодо турган үч милиционер жабыркаган.

Бул окуядан кийин премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду ал жаңжалды алдын алуу үчүн өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн кызматынан бошоткон.

Милиция «Бейбаштык», «Билип туруп өрттөө ыкмасы менен бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: