Исаков 2010-жылдан кийинки башка премьерлерге салыштырмалуу өкмөттү аз эле жетектеди. Салыштырабыз

Сапар Исаков. Сүрөт: Табылды Кадырбеков/Sputnik

Президент Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаковдун өкмөтүн депутаттардын ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алгандан кийин отставкага кетирди. Исаков 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өзүнө чейинкилерге салыштырмалуу премьер-министрлик кызматта канча күн кармалып турду?

Исаковдун өкмөтүнүн отставкасы Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы мамилелер сууп кетишинин шартында болду — эки саясатчы тең муну ачык моюндарына алышкан жок, бирок бири-бирин айрым кадрдык чечимдер жана билдирүүлөр үчүн сынга алып келишет.

Исаков өзү — учурда Кыргызстандын социал-демократиялык партиясын (КСДП)  жетектеген Атамбаевдин колдоосундагы кадр. Бирок КСДПнын көпчүлүгү 19-апрелде парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотуму боюнча маселени карап жатканда «макул» деп добуш беришти.

Исаковду «Лигласс» жана «Хуавэй» компаниялары менен жүзөгө ашпай калган келишимдер үчүн, «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу жайлатылып жаткандыгы үчүн жана ЖЭБдеги аварияга байланыштуу сынга алышкан. Ал эми Исаков өзү экономикалык көрсөткүчтөр жогорулап, «Таза коом» долбоору ишке киргизилип жатканына таянып жатты.

40 жаштагы Исаков өкмөттү 2017-жылдын августунда жетектей баштап, бул кызматта 8 ай же 238 күн кармалып турду.

Орточо эсеп менен Кыргызстандын тарыхында премьер-министрлер өз кызматтарын 11 айга чукул ээлеп турушкан. «Клооп» алардын ар бири 2010-жылдан тарта (2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Роза Отунбаеваны эсепке албаганда) канча убакыт иштегенин карап чыкты.

Алмазбек Атамбаев (350 күн)

Курманбек Бакиев кулатылгандан кийин 2010-жылдын 17-декабрында өкмөт башчылыгына Алмазбек Атамбаев келген. Ал бул кызматта бир жылга жетпеген убакыттай иштеп, 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматка киришкен.


Өмүрбек Бабанов (254 күн)

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы өзүнүн шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда өз ыйгарымдарын шайлоодогу жеңишинен кийин өкмөт башчысы болуп калган Өмүрбек Бабановго өткөрүп берген.

Расмий түрдө Бабанов премьерлик кызматка 2011-жылдын 23-декабрында киришип, бул кызматта дээрлик 9 ай иштеген. 2012-жылдын 24-августунда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирген, анткени төрт парламенттик коалициянын ичинен экөөсү Бабановдун көз караштарына макул болбой башкаруу коалициясынан чыгып кетишкен.

Негизинен, эл өкүлдөрү Бабановду салыктарды жашырууга жана түрк компаниясынан асыл-тукумдуу ат түрүндө пара алууга шектешкен.


Жантөрө Сатыбалдиев (561 күн)

Бабанов кеткенден кийин 2012-жылдын 5-сентябрында өкмөттү Атамбаевдин администрациясынын мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жетектей баштаган.

Ал бул кызматта рекорд жаратып 1,5 жыл иштеген. Ал эми 2014-жылы анын өкмөтү парламенттеги көпчүлүк коалициясы тарап кеткенден кийин отставкага кеткен.

Сатыбалдиев премьер-министрлик кызматтан «Кумтөр» алтын кенине ээлик кылуу жөнүндө канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен «пайдасыз» келишими үчүн айтылган сын-пикирлердин шартында кеткен. Мындан тышкары, Сатыбалдиевди 2010-жылдагы этникалык жаңжалдан кийин Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүүгө жумшалчу 570 млн сомду «максатсыз коротууга» айыпташкан.


Жоомарт Оторбаев (386 күн)

Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 4-апрелинде премьер-министр болуп дайындалып, өкмөткө ишенимди кайтаруунун үстүндө иш алып бараарын билдирген. Бул кызматта ал (үч аптаны кошпогондо) дээрлик бир жыл кармалды. Оторбаев 2015-жылы 24-апрелде анын «Кумтөр» алтын кени боюнча чечимдерин сынга алуунун шартында өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кеткен.


Темир Сариев (346 күн)

Оторбаевдин оставкасынан кийин 2015-жылы 2-майда өкмөттү жетектөөгө Темир Сариев келип, ал бул орунда 11 ай иштеген. Сариев отставкага кетип жатканын 2016-жылы 11-апрелде Балыкчы — Корумду жолунун курулушуна байланыштуу тендердин айынан чыккан чырдын шартында жарыялаган.

2015-жылы Балыкчы — Корумду жолун курууга тендерди ал учурда колунда лицензиясы жок кытайлык «Лонг Хай» компаниясы утуп алган. Сариевди компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө күнөөлөшкөн, ал эми Сариев өз кезегинде ошол учурда транспорт министри болуп турган Аргынбек Малабаевди «начар иштөөгө» айтыптаган.

Натыйжада, тендер учурундагы эреже бузууларды иликтөөнүн шартында Сариев да, Малабаев да отставкага кетишкен.


Сооронбай Жээнбеков (496 күн)

Сариев оставкага кеткенден соң эки күн өткөндөн кийин парламент буга чейин Атамбаевдин администрациясынын башчысынын орун басары болгон Сооронбай Жээнбековду премьер-министр кылып шайлаган.

Жээнбеков министрлер кабинетинин башчылыгы милдеттерин 2017-жылы 21-августта президенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырып, натыйжада шайлоодо ал жеңип чыккан. Жээнбеков премьер-министр болуп 17 ай же бир жарым жылдан бир аз азыраак убакыт иштеген.