«Ак мөөр» жатаканасы. Сүрөт: Асан Кубанычбек улуу/Kloop.kg

Ош шаарында жатакана тибиндеги көп кабаттуу үй азыркы күнгө чейин бир нече жолу сатылды. Кожоюндары алмашкан сайын жатаканадагы 300дөй тургун көчөдө калуу коркунучунда жашап жатышат.

Бир бөлмөдөгү эки оорулуу

Эшиги жок, анын ордуна жууркан илинген бир бөлмөлүү батирде жашы жетимишке таяп калган Күмүш Чымбаева жашайт. Оорулуу байбиче менен уулу бул бөлмөдө жашап жатканына быйыл 17 жылдай болуп калды.

Кышкы суукта байбиче 2 миң сом пенсиясынын эң кур эле дегенде 500үн электр жарыгына төлөйт. Антпесе балдары айрым учурда анын колун карап калган учурлар болот.

«Ушундан улам балдарыма билгизбей троллейбуска түшүп, базарга кетип калам. Ошол жерде отурам, жакшы адамдар акча таштап кетишет, мени таанып деле калышты. Бирок, балдарым менин базарда кайыр сурап отурганымды билишпейт, билбей эле коюшсун. Мени урушуп, жибербей коюшат», — дейт Күмүш апа.

Күмүш апа уулдары менен Ош шаарынын түндүк бөлүгүндөгү жатакана тибиндеги көп кабаттуу үйдө турат. Бул үйдө 83 батир бар, анда 300дөн ашуун тургун баш калкалайт.

Төрт кабаттуу имарат мурдагы пахта комбинатына таандык жатакана болгон. Ал эми 1959-жылы курулган комбинат 2006-жылы жабылып кеткен.

Мындагы тургундардын айтымында, комбинатта иштеген 83 жумушчуну жетекчилер 2000-жылы атайын жолдомо менен ишкананын «Ак мөөр» аттуу жатаканасына жайгаштырып турууну чечишкен. Анткени кызматкерлерди атайын автобустар менен ташып келүүнүн чыгашасы көбөйө баштаган.

Күмүш апа да мына ошол жолдомо менен жатаканага отурукташып калган комбинаттын мурдагы кызматкерлеринин бири. Ал ишканада 11 жыл эмгектенип, уулу ооруп калганынан улам 1986-жылы жумуштан чыгып кеткен.

«Ошондон кийин кайра ишке кирбедим. Ал маалда апам тирүү, өзүбүздүн батирибиз бар болчу. Балдарым жана апам болуп жашап жүрүп, кийин ал тамды сатып жибергенбиз. Көп жыл батирлеп жүргөн кезде, “комбинат жумушчуларга жатакана берип жатат” дегенди угуп 2001-жылы бул жакка келип калдым», — деп эскерет байбиче ошол күндү.

Күмүш Чымбаеванын ашканасы. Сүрөт: Асан Кубанычбек улуу/Kloop.kg

Жатакананын сатылышы

Жатакананын учурдагы мыйзамдуу ээси Убайдилла Бидинов. Ал имаратты 2008-жылы аукцион аркылуу 4 млн 639 миң 950 сомго сатып алган. Бидинов жатаканадагы 83 үй-бүлөнү имараттан чыгып кеткиле же батирлерди сатып алгыла деп он жылдан бери талап кылып келет.

Ал Жогорку сотко чейин даттанып, сот отурумун утуп чыккан. Ош шаардык соту жатаканадагы жашоочуларга акыркы жолу 2017-жылдын декабрында эскертүү берип, ага ылайык, тургундар 20 күндүн ичинде чыгып кетиши керек эле.

Азыркыга чейин көчүп кете элек 300дөн ашуун жашоочу сот аткаруучулар каалаган маалда келип, чыгарып салышаарынан чоочулап күн кечирүүдө.

Жатакана аукционго коюлганда тургундар кайда эле?

Рашида Айтиева жатаканада жолдомо менен жашап калгандардын бири. Ал 2008-жылдагы аукцион мыйзамсыз түрдө өткөрүлгөн деп эсептейт.

«Биринчи аукцион 2008-жылдын 22-февралында өткөн. Сот аткаруучу Жеңиш Барымбаев бизге “экинчи соодалашууга барбай, үчүнчүсүнө барсаңар баа арзандайт” деп айткан. Биз ошого алданып отура бергенбиз. Арадан бир ай өтпөй эле имарат сатылып кетиптир», — дейт Айтиева.

Айтиеванын айтымында, тургундар аукцион болгонго чейин Мамлекеттик мүлктү каттоо кызматынын өкүлдөрүн чакырып, имараттагы батирлерди баалатышкан.

«Биринчи кабатын 270 миң сомго, экинчи кабатты 910 миң сомго, үчүнчү кабатты 873 миң сомго, ал эми төртүнчү кабатты 672 миң сомго баалап кетишкен эле. Бул тууралуу тиешелүү документтер менде дале сакталуу турат. Даярданып отурсак, аукционго алдап, чакырбай коюп жатышпайбы», — деп кейийт ал.

«Ак мөөр» жатаканасы. Сүрөт: Нуртаза Абдиев/Kloop.kg

Эмне үчүн жатакана аукционго коюлду?

Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун айтымында, учурда тургундар жашаган имарат пахта комбинатынын эс алуу жайы болгон жана турак-жай статусуна ээ эмес. Ал 2008-жылы «Текстильщик» ачык акционердик коомунун балансында турганда жылуулукка 5 млн сомдон ашуун карыз болуп калган. Карызын жоюуга каражаты жок болгондуктан, санаторийдин имараты аукционго коюлган.

Бекзат Осмонкулов, Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы:

«Ак-Мөөр» санаторий-профилакториясы 2008-жылдын 22-февралында ачык аукционго коюлуп, имаратты эч ким сатып алган эмес. Ошол жылдын 19-мартында кайрадан аукцион өтүп, Убайдилла Бидинов аттуу жаран санаторийди 4 млн 639 миң 950 сомго сатып алган.

Ачык аукцион өтүшү тууралуу жолдомо менен жашап жаткандарга кабарланган. Убактылуу жашоочуларга аукционго келбей коюунун кесепеттери да түшүндүрүлгөн. Бирок, санаторийдин жашоочулары ошол аукциондорго катышып, сатып алуу укуктарын пайдаланган эмес.

Ош шаардык соту 2010-жылдын 31-декабрында санаторийде жашаган 84 жаранды башка турак-жай бербестен, чыгаруу чечимин кабыл алган. Аталган чечим бир нече жолу аппеляциялык, кассациялык тартиптерде даттанылып, 2017-жылдын 9-августунда Жогорку сот Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бүгүнкү күндө аткаруу барактары жазылып, чечимди аткаруу Ош шаардык сот аткаруу кызматына берилген.

Мурдагы пахта комбинатынын урандылары. Арт жагында «Ак мөөр» жатаканасы
Сүрөт: Нуртаза Абдиев / Kloop.kg

Жатакананын мыйзамдуу ээси

Убайдилла Бидиновдун өзү менен байланышып, кененирээк комментарий алуу аракеттерибизден майнап чыккан жок. Бирок, ал «мени кыйнабагыла, ансыз деле бул жагы жетиштүү болуп турат» деген кыскача жооп менен гана чектелди.

Анын адвокаты Шукурулло Салиев болсо тургундардын аракети мыйзамсыз экенин айтат.

«Ал жеке менчик жер, жеке адам сатып алган аны. Ошого карабастан жашоочулар чыкпай жатат. Текстилде иштегенбиз деп атышат. Баарынан да ал жер турак-жай эмес, санаторий. Алардын аракеттери мыйзамсыз. Аларды [Бидинов сатып алган жатаканадан] чыгаруу сот аткаруучулардын милдети», — деди Салиев.

«Ак мөөрдөгү» тургундардын жактоочусу Руслан Маматзаир уулунун айтымында, алар батирлерди сатып алалы деген пикирде.

«2000-жылдары жатаканада эч кандай шарт болгон эмес. Тургундар Ош шаардык мэриясына арыз менен кайрылып, имараттын үстүн чатыр менен жаптырышкан, батирлерин өз алдынча ремонт кылышкан. Учурда жатаканада туруктуу кирешеси жоктор, пенсионерлер да бар. Ушундан улам Бидиновго батирлерге акылга сыярлык баа коюп берүүнү сунуштаганбыз», — деп кошумчалады Руслан Маматзаир уулу.

Гүлипа Тойчиева. Сүрөт: Асан Кубанычбек уулу/Kloop.kg

Жатакананын башчысы Гүлипа Тойчиева тургундар имараттагы батирлерди 4 млн 700 миң сомго сатып алууга даяр турушканын айтат — бул 2008-жылы аукцион аркылуу имарат сатылган сумманы түзөт.

«Үй ээси батирдин баасын айта элек. Ал канча деп бааласа, ошого жараша иш кылабыз. Батирди сатып алганга деле чамабыз жок. Болбосо банктар менен сүйлөшүп узак мөөнөттөгү насыя алабыз», — дейт Тойчиева.

Авторлошу: Асел Туратова