«Парламент саясий өлүккө айланып бара жатат». Исаковдун өз өкмөтүнүн отставакага кетиши жөнүндө негизги билдирүүлөрү

Премьер-министрлик кызматтан отставкага кетирилген Сапар Исаков. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков парламент аны отставкага кетиргенден кийин «Апрель» телеканалына маек курду. Исаков отставка жөнүндө чечимге жана анын ишин сынга алууга кандай реакция кылганын айтып беребиз.

Исаковдун өкмөтүн 19-апрелде отставкага кетиришкен — башында парламент ишеним көрсөтпөө вотумун билдирген, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков министрлер кабинетин отставкага кетирүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ал эми Исаков өзү спикерге өтүнүч жолдогону менен парламентке кайрылуу менен чыга алган жок. Ага 101 депутат каршы добуш берген, каршы добуш бергендердин катарында анын КСДПдагы партиялаштары да бар.

Исаков 19-апрель күнү кечинде «Апрель» телеканалына маек куруп, парламенттин өз өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча чечимин сынга алды. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаковдун телеканалга айткан негизги билдирүүлөрүн келтиребиз.

Депутаттар жөнүндө: «Парламент саясий өлүккө айланып бара жатат»

Исаков парламенттин анын өкмөтүн отставкага кетирүү жөнүндө чечимине нааразы болгон, анткени буга дейре бир нече комитет жана фракциялар өкмөттүн 2017-жылга карата отчетун жактырышканын. Ал бул аракеттерди «депутаттар тарабынын принциптринин жоктугу» деп атады.

«Мен ар адамдын жана саясатчынын принциби болушу керек деп эсептейм. Эгерде ал өз позициясын билдирип, аны карманса, келечеги бар саясатчы же партия бул позицияны аягына чейин карманышы керек [...] Биздин парламент саясий өлүккө айланып бараткансыйт. Парламент өзүнүн кудуретсиздигин көрсөтүп жаткансыйт», — деди Исаков.

Премьердин милдетин аткаруучунун айтымында, депутаттар аны жумушка тааныштарын орнотууну суранышкан. «Мен көптөгөн суранычтарды четке какканым менен жакпай калсам керек. Эгерде адам бул позицияга туура келбесе, ал кантип иштеп, өлкөгө кандай пайда алып келиши мүмкүн?», — деди ал.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жөнүндө

Исаков Бишкек ЖЭБиндеги жаңыртуу жана авариянын айынан анда корко турган эч нерсе жок экенин айтты. Ал «моралдык жоопкерчилик» тартууга даяр экенин, бирок «өзүнө мурдагы премьерлердин катачылыктарынын жүгүн алууга» даяр эмес экендигин билдирди. Исаковдун айтымында, ал өкмөттү жетектей баштаганда, жылытуу мезгилине даярдык көрүү иштери аягына чыккан болчу.

«Мен толугу менен тынчмын. Мени ата-энем ошондой тарбиялашкан. Мен бул жашоодо түз жүрөм. Атам айтчу эле "балам эч качан адамга жамандык кылба жана башка чөнтөккө кол салба" деп. [...] Кыргызда "таза адамга кир жукпайт" деп айтылат, ошондуктан мага кир жукпайт, анткени мен эч кандай жамандык кылган жокмун», — деди ал.

Сапар Исаков (солдо) жана Айбек Калиев (оңдо) Бишкек ЖЭБде. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бишкек ЖЭБиндеги авария 26-январда болуп, ал шаардыктардын батирлеринде температуранын кыйла эле төмөндөп кетишине алып келген. Авариядан кийин дароо эле ысык суу берүү үзгүлтүккө учурай баштаган. Бишкектиктердин үйлөрүн жылуулук менен камсыздоону 2-февралда жарым-жартылай калыбына келтирүү мүмкүн болгон.

«Бардыгы тең эски жана жаңы ЖЭБди алмаштырып атышат. [...] Авария профилактика иштери жүрбөгөн эскисинде болгон. Бирок жаңы ЖЭБде, дарыканадагыдай, бардыгы иштейт. Эгерде жаңы ЖЭБде жаңы буу казандар болбогондо, анда шаарда коллапс болмок. Бишкекте бардык жылуулук магистралдарын казып, жолдорду жана асфальтты талкалоого туура келмек. Жаңы буу казандар бул кырдаалды түзөп кетүүгө жардам берди», — деди ал.

Калиевди бошотуу жөнүндө: «Ал өзүн таштап койгон»

Исаков билдиргендей, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди ал «өзүн таштап» койгону үчүн бошоткон. «Мен аны [кызматтан] бошотуп койдум, анткени өзүн таштап койду. [...] Мен аны арызын көтөрүп келгенде эле бошотуп койсом болмок экен», —  деди ал.

Азыр Айбек Калиев УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген. Аны 18-апрелде ЖЭБди жаңыртуу маалында коорупция жөнүндө иши боюнча кармашкан. Станциянын жарымы Кытайдан алынган 386 млн доллар насыя каражатына жаңыртылган.

«Айбек Калиев, жеке менин пикирим боюнча, коррупция менен шугулданбаган, бардык күч-аракетин жумушка арнаган таза адам. Мисалы, Токтогул ГЭСине Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен чоң тендер өткөргөнбүз жана тендер өткөрүү маалында Калиев өз командасы менен 100 млн доллардан ашуун каражат үнөмдөп калган. Мен ошондо аны сыйлап калгам, демек, ал — коррупционер эмес, таза адам», — деди Исаков.

«Райым-миллионду» бошотуу жөнүндө

Исаков бюджетте Бажы кызматындагы бошотууларга жараша профицит байкалганын айтты. Ал жактан дээрлик 200 адам бошотулган, алардын ичинде төрага орун басар Райымбек Матраимов да болгон деди ал.

Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан бошотулган Райымбек Матраимов. Коллаж: Азаттык

«Биз Райым миллион деген сыяктуу адамдарды кетире баштадык. Балким, ошол эле Райым миллион, кечире албай жатса керек да мени. Бардык жамандыктар ошо жактан болуп ата окшойт деп ойлом. Биз абдан көп акча табууга мүмкүн жерди басып алдык да. Мисалы, бажы кызматына пландан жогору үч айда 2 млрд сомго чукул акча түшөт», — деп билдирди Исаков.

Анын пикири боюнча, ар бир ведомстводо реформа жүргүзсө, анда «ал жактагы камылгаларды алып чыгарса» болот.

Сүйүмбаевди финполго дайындоо жөнүндө

Исаков Болот Сүйүмбаевди финполдун башчылыгына «анда тажрыйба бар үчүн жана тергөө органдарында иштегени» үчүн дайындаганын айтты. Сүйүмбаев — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы.

«Мен эмнеге Болот Тураровичти иштеп берүүгө сурандым? Бул адамдан эч бир жамандыкты көргөн жокмун. Анын тажрыйбасы бар, ал тергөө органдары менен иштеген. Мен адамды иш менен текшерүү керек деп ойлойм. Эгерде ал аны алып кете алса, анда жакшы, эгерде алып кете албаса — анда кызматтан алуу керек. Бирок мен билем, Болот Турарович алып кете алат ишти», — деди Исаков.

Депутаттардын айтымында, Сүйүмбаевди бул кызматка дайындоо Исаковдун өкмөтүнүн отставкага кетиши үчүн жаралган себептердин бири болгон. Мурдараак президент Сооронбай Жээнбеков Сүйүмбаевди УКМКнын төрага орунбасарлык кызматынан отставкага кетирген.

«Биринчиден, Сооронбай Шарипович Болот Траровичти алган эмес. Ал өзү эле арыз жазып, кетип калган. Мага белгилүү болгондой, Сооронбай Шарипович менен Болот Тураровичтин мамилелери жакшы, алар көп жылдан бери партиялаш болушкан. Сооронбай Шарипович тарабынан Болот Тураровичке эч кандай агрессия жок, алардын өз ара мамилелери жакшы», — деди ал.

40 кадам жана «Таза Коом» долбоору жөнүндө

Исаковдун маегинин жарым убактысы анын өкмөтүнүн «Таза Коом» программасын ишке ашыруу боюнча жетишкендиктерине арналган. Ал билдиргендей, өкмөт маморгандарда коррупцияга бөгөт коюуга жардам берген «Түндүк» порталын ишке киргизген.

«Бул мамлекеттик машинаны абдан ачык-айкын башкарган блокчейн системасы. [...] Бул система генерация болуп, маморгандардын ишинин тууралыгын көзөмөлдөйт. Мамлекеттик кызматкер жүзөгө ашырайын деген ар бир махинациялар "Түндүккө" жазылып калат», — деп билдирди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Исаковдун айтымында, өкмөт ошондой эле, электрондук кылмыштарды каттоо китебин (ККК) киргизүүнү пландап жатат.

«Биз "Электрондук КККны" киргизгенде тергөөчү ишти жымсалдап же жоккко чыгарып кое албай калат. Күчтүү коомдук көзөмөл болот. Алар [шаардыктар] бул системага кирип, кылмыш иши кайсы баскычта турганын жана биринчи инстанциянын соту кандай чечим кабыл алганын көрө алышат», — деди Исаков.