УКМК Казарманда фабрика курууга уруксат берилгени үчүн кылмыш ишин козгоду

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад облусунунун Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын курулушуна мыйзамсыз уруксат берилгендигинин айынан кылмыш ишин козгоду. Апрелдин башында жергиликтүүлөр бул фабрикага каршы чыгышып, аны өрттөп кетишкен.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад облсунун Архитектура жана курулуш мамагенттигинин аткаминерлери экологиялык экспертизанын корутундусу жок эле курулушка уруксат беришкен.

УКМК «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Белгисиз калууну суранган компаниянын менеджерлеринин бири «Клооптун» журналистине козголгон кылмыш иши жөнүндө «эч нерсе билбестигин» айтты. Анын айтымында, алардын компаниясы фабрика курууга уруксатты «мыйзамдуу» алышкан жана аларда «бардык документтер бар».

Белгисиз адамдар 11-апрелде «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын өндүрүүчү фабрикасынын имаратын өрттөп кетишкен. ИИМдин маалыматы боюнча, ал жакта жергиликтүүлөр ведомстволор аралык комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуулары керек болчу, бирок комиссия менен жолугушуу башталганга чейин эле чогулгандар аларды көздөй «таштарды ыргыта башташкан».

Ошондон кийин алар фабриканын аймагына кирип барып, курулуп жаткан имарат менен техниканы өрттөп кетишкен. Окуя болгон жерге чакырылган өрт өчүргүч техника каршылыкка чыккандар жолду тороп алышкандыктан күйүп жаткан имараттарга өтө албай калган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, кагылышта курчоодо турган үч милиционер жабыркаган.

Бул окуядан кийин премьер-министр Сапар Исаков Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовду ал жаңжалды алдын алуу үчүн өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн кызматынан бошоткон.

Милиция «Бейбаштык», «Билип туруп өрттөө ыкмасы менен бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» жана «Массалык башаламандыктар» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Милицияция тарабынан 15 жергиликтүү тургун бейбаштыкка шектелип кармалып, кийинчерээк алардын үчөөсү эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.


ТЕМА БОЮНЧА: