Арменияда каршылык акциясы учурунда оппозициянын лидери Никола Пашинян кармалды. Эмнелер белгилүү?

Оппозициянын лидери Никол Пашинян Еревандагы митинг учурунда. Сүрөт: Amos Chapple/ RFE/RL

Армениянын полициясы парламенттин депутаты жана каршлык билдирүү кыймылынын лидери Никола Пашинянды кармап, Еревандын көчөлөрүнө 10 күндөн бери чыгып аткан митингчилерди кууп таратууга аракет жасады. Полицияга 250дөн ашуун адам мажбурланып алынып келинген, бирок Ереванда каршылык акциясы уланууда.

Армения бийлиги 22-апрелде оппозиция менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет жасаган. Премьер-мнистр Серж Саргсян каршылык көрсөтүү кыймылынын лидери Никола Пашинян менен «Марриотт Армения» мейманканасында жолугушкан. Бирок жолугушуу бир нече мүнөткө гана созулган.

Саргсян менен Пашиняндын жолугушуусу

Пашинян жолугушуу учурунда «кеп диалог жөнүндө эмес, кеп бир гана сиздин  [Саргсяндын] отставкасы жөнүндө болууда» деп билдирген. Премьер-министр Пашиняндын талаптары «мамлекетти опузалоо» деп айткан.

«Бул сүйлөшүү эмес, бул диалог да эмес, бул мыйзамдуу бийликке жана мамлекетке карата жөн гана шантаж жана кескин талап коюу», — деп Саргсян билдирип, мейманканадан кетип калган.

Ошондон кийин Никола Пашинян шаар боюнча каршылыкка чыккандардын жүрүшүн жетектеп, бирок полиция каршлыкка чыккандардын жолун тороп, оппозициячыл депутатты эки кесиптеши Арарат Мирзояном менен Сасуном Макаэлянды кармап кеткен.

Полиция Никола Пашинянды кармап атат. Сүрөт: Photolur

Армениянын башкы прокуратурасы билдиргендей, оппозициячыл депутаттар мыйзамсыз чогулуштарды өткөрүү жана уюштуруу үчүн кармалышкан. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, депутаттар одоно тартип бузушкан жана «кылмыш жасалган жерде кармалышкан».

Пашиняндын адвокаты Рустам Бадасян билдиргендей, оппозициячыл саясатчы каякта экенин так билбейт. Бадасян бул кырдаалда Пашияндын коргоого болгон укугу одоно бузулуп атат деп эсептейт.

Ошондой эле, полиция митингчилерди кубалап таратуу үчүн үн чыгарган гранаталарды колдонуп, өз бөлүмдөрүнө мажбурлап 277 митингчини алып келген, ал эми 15 адам ооруканага жаткырылган. Бирок Ереванда каршылык билдирүү акциясы дале уланууда.

Полициянын маалыматы боюнча, каршылык акциясына 22-апрель күнү кечинде 35 миң адам катышкан, ал эми оппозиция митингге 160 миң адам чыккан деп билдирүүдө.

Сүрөт: Amos Chapple/ RFE/RL

Армениянын президенти Армен Саркисян жарандарды «абалды ырбатуу аракеттеринен карманып, сабырдуулук көрсөтүүгө» чакырды.

«Өлкөдө туруктуулукту коркунучка калтыра турган козутуучулук позициядан баш тартып, диалогго баруу жолдорун издөөнү улантуу керек», — деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Европа биримдиги менен АКШ да өлкө бийлигин жана оппозицияны сабырдуулукка чакырды.

«Тынчтык митингдерине уруксат берүү менен өлкө бийлигин сабырдуулукка чакырабыз, ал эми чогулушка эркин укуктарын ишке ашырып аткандарды зомбулуктан оолак болуп, чыңалууларды алдын алуу менен жүзөгө ашырууга чакырабыз», — деп айтылат АКШнын Армениядагы элчилигинин билдирүүсүндө.

Карашылыктардын себеби

Ереванда каршылык билдирүү акциясы 13-апрелде башталган. Оппозиция премьер-министрлик кызматка буга чейин эки мөөнөт президент болгон Серж Саргсянды дайындашканына нааразы болууда.

Сүрөт: Amos Chapple/ RFE/RL

Саргсян конституциялык реформа өткөргөн, ошондуктан Арменияда бийлик системасы жарым президенттиктен парламенттикке өзгөргөн. Президенттин ыйгарымдары чектелип, аны партиядан же партиялардын коалицияларынын аттанып, шайлоодо көпчүлүк добуш алган премьер-министрдин пайдасына бөлүп беришкен. Эл аралык деңгээлде да өлкөнү премьер-министр көрсөтөт, ал эми президентти эми парламент шайлап калат.

Саргсяндын Республикалык партиясы шайлоодо добуштардын көпчүлүгүн алып, «Дашнакцутюн» улутчул партиясы менен коалиция түзгөн. Натыйжада көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Саргясынды чыгарып, парламент анын талапкерлигин колдоп берген.