Казак атайын кызматтары Алматы аэропортунда кыргызстандыктарды суракка алууда. Эмне болуп жатат?

Алматыдагы аэропорт. Сүрөт: kapital.kz

Соңку бир нече айда Кыргызстандын жарандары Казакстандын коопсуздук кызматтары тарабынын Алматынын аэропортунда суракка алынганына арызданууда. Казак ведомстволору «шек жараткан адамдарды мыйзам чегинде текшерүү аракети» деп түшүндүрүшүүдө.

Алматы аэропортуна учуп келип конгон Кыргызстандын фэйсбук колдонуучулары Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) кызматкерлери тарабынан болуп аткан текшерүүлөрдүн күчөтүлүшүнө арызданышууда. Аэропортто кыргыз жарандарын өзүнчө бөлмөгө алып барып, саякаттын максаты, иштеген жери жана кызматы жөнүндө сурап, телефондорун текшеришүүдө.

Кыргыргызстандык экономист Кубат Рахимов казак УККнын кызматкерлери учуп келген адамдарды 20-30 мүнөттөн текшерип атышканын жазган.

«Берилип алып суракка алуу — бул албетте аша чапкандык. Жарандык кийимчен УККнын эки кызматкери отурат. Дайыма алардын күбөлүгүн талап кылгыла. Жеке өзүм алардын бирөөсүнүн маалыматтарын өзүмө жазып алдым. Ал күбөлүгүн биринчи талап боюнча эле көрсөтүп, дароо эле чыңалуунун деңгээлин азайтты», — деп жазган Рахимов.

Бишкекте жашаган экономист Савия Хасанова айрым бир учурларда кыргызстандыктардын бардыгын себебин түшүндүрбөстөн эле каттамдан сурак алуу бөлмөсүнө алып кетишээрин айтып берди.

«Менден иштеген жеримден, кызматымдан, дарегимден жана телефондун imei кодунан тышкары, анын номерин алышты, андан тышкары, кызыгуу менен айфонумдун оргинал болуп-болбогонун такташты», — деп жазган ал.

Анын айтымында, казак атайын кызматы 20 мүнөттөй суракка алышкан жана ошол эле маалда кезекте кыргызстандык жана өзбекстандык төрт адам турган.

«Клооптун» журналисти Нуржамал Жанибекованы да 2018-жылы апрелде  Алматынын аэропортунда суракка алышкан. Анын айтымында, УККнын кызматкерлери «орой түрдө» андан жана башка жүргүнчүлөрдөн телефондорду талап кылып, суракка алышкан. Ошондой эле, Жанибекова сурак 40 мүнөттөй созулганын кошумчалады.

«Мындай нерсеге бир гана кыргызстандыктар эмес, башка борбор азиялык өлкөлөрдүн жарандары да туш болууда, ал эми маал-маалы менен (бирок кээде) Казакстандын өз жарандары да», — деп белгилеген Нуржамал Жанибекова.

Казакстандын мамкызматтары текшерүүлөрдү кантип түшүндүрүүдө?

Казакстандын чек ара кызматынан «Клооптун» кабарчысына «бардыгы мыйзам чегинде» болуп атканын түшүндүрүштү.

«Күчөтүлгөн чаралар — бул кырдаалдын талабы. Мен азыр сизге бардык суроолорго жооп бере албайм, бирок биз мыйзам чегинде иш алып баруудабыз. Биз ашыкча, аракет, ашыкча текшерүү уюштурган жокпуз, бардыгы мыйзам чегинде», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен «Eurasianet» басылмасына билдиришкендей, эгерде жүргүнчү кандайдыр бир шек жараткан болсо, айрым жүргүнчүлөрдү токтотуу — бул «стандарттык алдын алуу чаралары». Ведомстводо эмне үчүн бир гана кыргызстандыктар менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарын суракка алып жатышканы жөнүндө суроого жооп беришкен жок.

Телефонду көрсөтүдөн же жеке суроолорго жооп берүүдөн баш тартса болобу?

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Клоопко» Казакстандын УККнын кызматкерлери чет элдик жарандардын документтерин «кылмыштарды алдын алуу» үчүн текешере алышаарын айтты.

Эралиев УККнын кызматкерлери менен кошо сурак бөлмөсүнө өтүүдөн баш тартууга болбосун, бирок анын документтерин талап кылуу керектигин түшүндүрдү. Эгерде ал документтерин көрсөтүүдөн баш тартса, сотко кайрылса болот. УККнын «орунсуз жана жеке түрдөгү» суроолоруна жооп берүүгө эч ким милдеттүү эмес.

Анын айтымында, атайын кызматтардын жумушчулары кылмыш жасалганы боюнча негизсиз шектер жок эле телефондун кодун талап кыла алышпайт, анткени «телефон — бул жеке менчик» болуп эсептелет.

«Алар телефондун кодун талап кыла алышпайт, бул жеке менчик, алар козголгон кылмыш иши же санкция болсо гана мындай тешерүүлөрдү жүргүзө алышат. Алар физикалык текшерүүлөргө караштуу бардык аракеттерди тийиштүү протоколдор менен ырасташы керек», — деди Эралиев.

Эмне үчүн кыргызстандыктар Алматы аэропрту аркылуу учушат?

Кыргызстандыктардын көпчүлүгү чет өлкөлөргө Алматынын аэропорту аркылуу учуп, кайра ошол аба майданы аркылуу эле кайтып келишет. Бул Алматынын аба майданы Бишкектин «Манас» аэропортуна караганда кыйла эле көп эл аралык каттамдарды тейлегени үчүн болууда. Көп учурларда Бишкектен эле учса болот, бирок жолдо катар бир учактан башка учакка отурууга туура келип, ал эми билет баасы кымбатка туруп калат.