Видео: Ошто 12 кабаттуу үйдөн өрт чыгып, алты киши ооруканада

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү үйдүн 5-кабатынан өрт чыгып, тилсиз жоодо жабыркаган алты киши облустук ооруканага жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Ош шаарындагы Жим көчөсүндө жайгашкан 12-кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 23-апрель күнү саат 23:23тө өрт чыккан.

ӨКМден беш бөлүм тартылып, өрт бир жарым саатта өчүрүлгөн.

«Өрттү өчүрүүгө биринчи бөлүм саат 23:35те жетип барды. Андан кийин дагы төрт бригада тартылып, тилсиз жоо толугу менен саат 00:50дө өчүрүлгөн», — деп маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.

Өрт 5-кабаттагы эки батирди каптап, үй эмеректери күйүп кеткен. ӨКМ өрттүн чыгуу себептерин тактоодо.

Алдын ала маалыматтар боюнча тилсиз жоодо алты киши жабыркап, облустук ооруканага жаткырылган.

Ош облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Шайырбек Сулайманов эки тургун алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө чыгарылганын «Клоопко» айтты.

«Бешинчи кабаттан секирген кыздын мээсине кан уюп, ага операция жасалды. Учурда ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып реанимацияда. Бир жигит травмотология бөлүмүнө жаткырылды, дагы эки бейтап палатада даарыларуунда. Алардын абалы канааттандырарлык», — деп билдирди Сулайманов.

Саат 15:58де жаңыртылды