Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев стадионунда 25-апрель күнү «Алай» клубу өз талаасында Тажикстандын «Истиклол» командасын кабыл алды. Азия футбол конфедерациясынын 2018-жылындагы кубогунун тандап алуу баскычындагы беттеш 2:3 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди.

Биринчи тайм

Оюн эсебин беттештин алтынчы мүнөтүндө тажикстандык жарым коргоочу Фатхулло Фатхуллоев ачты.

«Алай» клубунун коргоочусу Улукбек Рыскулов биринчи таймдын 36-мүнөтүндө эсепти теңеди.

Калыстын ышкырыгы жаңыраарына бир нече секунд калганда, «Истиклолдун» футболчусу Ромиш Жалилов гол киргизүүгө жетишип, оюн эсебин 2:1ге чыгарды.

Экинчи тайм

Матчтын 35-мүнөтүндө «Алайдын» чабуулчусу Алия Силла атаандашынын дарбазасына топ киргизип, эсепти 2:2ге теңеди.

Экинчи таймга төрт мүнөт кошулуп, акыркы мүмкүнчүлүктү туура пайдаланган тажик футболчусу Дилшод Восиев командасына жеңиш алып келип, таймаш 3:2 эсеби менен жыйынтыкталды.

Командасына бир гол алып келген «Истиклол» футбол клубунун коргоочусу Ромиш Жалилов беттештин аягына чейин активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн «Мыкты оюнчу» деп табылды.

Буга чейин 11-апрелде конокто ойногон «Алай» клубунун футболчулары тажикстандык «Истиклолго» 0:1 эсебинде утулуп, жеңиштен кол жуушкан.

Азия кубогунун тандап алуу баскычын улай 2-майда Түркмөнстандын «Алтын Асыры» «Алайды» өз талаасында кабыл алса, эки жумадан соң Ошто кыргыз футболчулары ушул эле өлкөнүн «Ахал» клубу менен кезигет.

«Алай» футбол клубу АФК-2018 кубогунун тандап алуу мелдештеринде D тайпасына түшкөн. Тайпада түркмөнстандык «Алтын Асыр» жана «Ахал» клубдары менен бирге тажикстандык «Истиклол» да бар.

Азырынча D тайпасында «Истиклол» клубу 10 упай менен алдыда баратат. Түркмөнстандык «Алтын Асыр» 5 упай, ал эми «Ахал» 3 упай менен экинчи жана үчүнчү орунда жайгашышты. «Алай» командасы азырынча упай топтой элек.

1960-жылы Оштун командасы деп түзүлгөн топ жети жылдан соң «Алай» деген аталышты алган. Буга чейин ал Кыргызстандын үч жолку чемпиону жана өлкө кубогуна ээ болгон.

«Истиклол» футбол командасы Душанбе шаарында 2007-жылы негизделген. Мындан 8 жыл мурун Тажикстандын чемпиону аталып, АФК кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомону алгачкы жолу 2015-жылы утуп алган.

Сүрөт: Айдана Марс кызы