Ошто 15 окуучу «психотроптук заттан ууланып» ооруканага түштү

Ош шаарында 25-апрель күнү ондон ашуун окуучу жана мугалимдер уулануу белгилери менен облустук ооруканага жаткырылды. Шаардык милициядан кабарлашкандай, мектеп окуучулары психотроптук заттан ууланган.

Калаадагы №54 мектептин жогорку классынын 15 окуучусу жана 3 мугалими эс учун жоготуп, тез жардам кызматы менен облустук ооруканага түшкөн.

Ош облустук оорукананын башчысынын дарылоо иштери боюнча орун басары Назарбай Сагындыков бейтаптар «кандайдыр бир суюктуктун жытынан ууланганы» божомолдонуп атканын «Клоопко» билдирди.

«Окуучулар ооруканага 25-апрель күнү саат 11:30 чамасында келип түштү. Арасында аба жетпей жатканына даттанып, баштары айланып, кускандары да болду. Асма укол жасадык, бардык медициналык жардамды көрсөттүк. Учурда мектеп окуучуларынын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Сагындыков кошумчалагандай, учурда дарыгердин уруксаты менен ата-энелер балдарын үйлөрүнө алып кетип жатышат.   

Ош шаардык милициянын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова «Клоопко» кабарлагандай, облустук ооруканага түшкөн окуучулар клейдин жытына ууланган.

«Окуучулар психотроптук заттан (клей) ууланганы аныкталды. Окуучулардын айтымында, алар класска киргенде желим баштыкчада өзгөчө жыты бар зат жаткан. Анан баштыкты ачып жыттап көрүшкөн. Мугалимге айтышканда, сыртка алып чыгып ыргытуусун айткан. Андан кийин окуучулар өздөрүн жаман сезип тез жардам чакырылган», — деди басма сөз катчы.

Шаардык милиция тиешелүү экспертизаларды дайындап, окуяны териштире баштады.