Видео: Экс-премьер Сапар Исаков УКМКдагы сурактан кийин

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 26-апрелде өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сапар Исаковду суракка чакырды. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу ишине байланыштуу күбө катары чакырылган.

Сурактан чыккандан кийин Исаков комментарий берип жатып «бул абдан туура» деп айтты.

«Бардыгы иликтениши керек. Коомчулук бардык нерсенин чоо-жайын билиши керек», — деди ал.

Кыргызстан Бишкек ЖЭБин жаңыртууга 386 млн доллар каражат сарптаган. Кыргызстанга бул каражатты насыя катары Кытайдын «Эксимбанкы» бөлгөн. Насыя боюнча пайыздарды эсептөө менен Кыргызстан 500 млн долларга чукул акча кайтарып бериши керек.

Жылуулук борборун жаңыртууга кеткен акча кандай пайдаланганын иликтөө 2018-жылы январда ЖЭБде авария болгондон кийин башталган. Ал учурда бишкектиктер катуу суук жүрүп аткан кезде бир нече күнгө жылуулуксуз калышкан.