Болот Сүйүмбаев финполдун башчылылык кызматынан бошотулду

Болот Сүйүнбаев

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Болот Сүйүмбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан бошотту. Мурдараак кыргыз ЖМКлары Сүйүмбаев ээлеген кызматынан кетээрин билдиришип, ал эми өкмөт бул маалыматты тастыктабай жаткан.

Мурдараак Сүйүмбаевдин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчылыгынан кетиши ыктымалдыгы жөнүндө «Азаттык» үналгысы менен «24.kg» басылмалары өздөрүнүн өкмөттөгү ишенимдүү булактарына таянып билдиришкен.

Сүйүмбаев деген ким?

Болот Сүйүмбаев — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы. Финполдун башчылыгына дайындалганга чейин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрага орун басары болуп иштеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрелде Сүйүмбаевди УКМКдагы кызматынан бошоткон. Ал эми 16-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков анын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагалыгына дайындаган.

Андан кийин эмне болгон?

19-апрелде парламенттин 101 депутаты Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө вотумун билдирип, ошол эле күнү Жээнбеков Сапар Исаковду жана анын өкмөтүн отставкага кетирген.

КСДПнын үч депутаты Иса Өмүркулов, Рыскелди Момбеков жана Аида Касымалиева Сапар Исаковго каршы добуш берүүгө анын Сүйүмбаевди финполдун башычылыгына дайындаганына нааразы кылганы түрткү болгон деп түшүндүрүшкөн.

Бирок Исаков аны Сүйүмбаевдин айынан отставкага кетиришкен деп эсептебейт. Ал «Апрель» телеканалына курган маегинде Сүйүмбаев УКМКнын төрага орун басарлыгынан «өз ыктыяры менен кеткен» деп айткан.

«Биринчиден, Сооронбай Шарипович Болот Тураровичти алган эмес. Ал өзү эле арыз жазып, кетип калган. Мага белгилүү болгондой, Сооронбай Шарипович менен Болот Тураровичтин мамилелери жакшы, алар көп жылдан бери партиялаш болушкан. Сооронбай Шарипович тарабынан Болот Тураровичке эч кандай агрессия жок, алардын өз ара мамилелери жакшы», — деген ал.

Мындан тышкары, Исаков Сүйүмбаевди финполдун башчылыгына «анын тажрыйбасына ишенип» дайындаганын айткан.