Ош: Өрттөнгөн үйдүн 5-кабатынан секирген кыз эсине келбей каза болду

Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү өрт чыккан үйдүн 5-кабатынан секирген кыз үч күн комада жатып, өзүнө келе албай ооруканада каза тапты.

Шаардын Жим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 23-апрель күнү түндөсү өрт чыккан. Кырсыкта 5-кабаттан секирген кыз эс-учун жоготкон абалда бейтапканага түшкөн.

Ошол эле күнү мээсине кан уюп калган кызга операция жасалгандан кийин ал реанимацияга которулган.

Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Райхан Абдразакова «Клоопко» билдиргендей, ал кыз үч күндөн бери эсине келбей көз жумду.

Милиция маркумдун жакындарын таап, кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп бермекчи.

23-апрель күнү саат 23:23тө чыккан өрттү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин беш бөлүмү тартылып, бир жарым саатта өчүргөн.

Кырсыкта алты киши жабыркап, облустук ооруканага түшкөн. Бейтаптардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп үйлөрүнө жиберилген. Калган үчөө ооруканада даарыланып жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: