ЕККУ Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жакшырды деп эсептейт

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн «позитивдүү өзгөрүүлөр» болду деп эсептейт. Ага президент Сооронбай Жээнбековдун «24.kg» басылмасы менен журналист Кабай Карабековго койгон 10 млн сом дооматынан баш тартканы себеп болгон. Мындан тышкары, ЕККУ журналист Элнура Алкановага карата кылмыш иши жабылганын «позитивдүү тенденция» деп эсептейт.

ЖМК эркиндиги маселеси боюнча ЕККУнун өкүлү Арлен Дезир Жээнбековдун Карабеков менен «24.kg» басылмасына карата финасылык дооматтан баш тартканын «мамлекеттик аткаминерлер үчүн маанилүү үлгү» деп атады.  

Ошондой эле, Дезир «банктык жашыруун сырды таратууга» айыпталган журналист Элнура Алкановага карата кылмыш ишинин токтотулушун «жакшы кабылдаганын» билдирди.

«Бул позитивдүү тенденция уланышы маанилүү, себеп дегенде өлкөдө ЖМК эркиндигин камсыздоо үчүн дагы көптөгөн жумуштарды аткаруу керек», — деди Дезир.

Дезир Кыргызстандын бийлигин «Заноза» басылмасы менен анын түзүүчүлөрү Дина Маслова жана Нарын Айыпка коюлган финансылык дооматтардан баш тартууга чакырды.

«Мен Кыргызстандын бийлигин дагы бир кадам таштап, "Заноза" басылмасына коюлган финансылык дооматтардан баш тартууга чакырам, себеп дегенде диффомация жөнүндө арыздардагы ашкере чыгымдар ЖМК эркиндигине терс таасирин тийгизүүдө», — деп эсептейт Дезир.


ТЕМА БОЮНЧА: