Армения парламенти Никол Пашиняндын премьер-министрлик кызматка дайындалышына каршы добуш берди. Ошондон кийин ал «кескин каршылык билдирүүгө» чакырып, оппозициянын кыймылы «жеңишке жетпей бүтүп калбасын» билдирди. Пашинян мурдагы өкмөт башчыга каршы нечен миңдеген каршылык акциясын жетектеп чыккандан кийин Серж Саргсян премьерликтен кеткен.
Эмне болгон?
Армения парламенти 1-май күнү Никол Пашиняндын премьер-министрлик кызматка дайындалышына каршы добуш берген. Мурдагы армян президентинин бийлигине каршы акциялардын лидери Пашинян өкмөттөр кабинетинин башчылыгына жалгыз талапкер болчу.
Жеңишке жетиш үчүн Пашинянга сегиз добуш жетпей калды. Ал үчүн 100 депутаттын ичинен 45 депутат макул деп добуш берген. Парламентте добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон башкаруучу Армениянын республикалык партиясы Пашинян аларды «ынандыра» алган жок деп билдирип, ага каршы добуш берген.
Добуш берүү учурунда Пашинянды үч фракция колдоду, анын ичинде Пашинян өзү жетектеген жана премьерликке анын талапкерлигин көрсөткөн оппозициялык «Елк» фракциясы бар. Еревандын борбордук аянтында оппозициянын миңдеген тарапкерлери шайлоонун жыйынтыктарын күтүп турушкан.
Эмне үчүн буга көз салуу кызыктуу?
Бир нече күндүн ичинде Пашинян биринчи өлкөнүн 10 жыл аралыгында башкарган Армениянын алмашкыс лидери Серж Саргсяндын отставкага кетишин шарттаган оппозиция лидерине, андан кийин премьер-министрлик кызматка жалгыз талапкер болгон адамга айланды.
Депутаттардын добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы күтүүсүз болду, анткени эксперттердин көпчүлүгү шайлоодо Пашиняндын жеңишин божомолдошкон. Саясат тануучу Карен Кочаряндын пикири боюнча, Армениянын республикалык партиясы парламентте өзү үчүн орундардын көпчүлүгүн сактап калуу менен Пашинянды өкмөт башчылыкка отургузушу керек болчу.
Шайлоого бир күн калганга чейин Пашинян парламентте Армениянын Республикалык партиясы менен жолугушкан. Аларды саясатчынын Армениянын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүгү жөнүндө позициясы кызыктырган. Пашинян өз учурунда «Елк» фракциясы менен кошо Армениянын ЕАЭБге мүчөлүк кылуусуна каршы чыгып, жада калса «Елк» биримдиктен чыгуу маселеси боюнча уктурууларды уюштурган.
Армениянын республикалык партиясы менен жолугушуу учурунда Пашинян өз премьерлиги учурунда ЕАЭБден чыгуу жөнүндө маселени көтөрбөсүнө бир нече жолу ишендирген.
Депутаттар добуш бергенге чейин Пашинян өзүнө ишенип, кыжырды кайнаткыдай болуп жүргөн. «Маселе силер элдиң жеңишин каалап же каалабай жатканыңарда. Бул жеңишти токтото албасыңарды өзүңөр билесиңер», — деп айткан ал депутаттарга.
Ал премьер-министрлик кызматка аны армян эли өзү көрсөткөнүн билдирген.
«Эл менин талапкерлигимди өлкөнүн премьер-министрлик кызматына көрсөттү. Эгерде парламенттик фракциялар мени шайлабаса, анда эч кимди шайлай алышпайт. Ошондо элдин мүдөөсүн аткарбай коюшканын көрөбүз», — деп билдирген Пашинян.
Пашинян 1-май күнү эртең менен Армениянын республикалык фракциясы «премьердин шайлоосун кулатууну чечкенин» билдирген. Анын маалыматы боюнча, партиянын өкүлдөрү отставкага кеткен премьер-министр Серж Саргсян менен түнү жолугушуп, «бийликте калып, андан соң парламенттик шайлоо өткөрүүнү» макулдашышкан.
Оппозиция Пашиняндын утулушун кандай кабыл алды?
Парламенттеги шайлоодон кийин Пашинян дароо эле Еревандын борбордук аянтындагы тарапкерлерине чыгып, «кескин каршылык билдирүүгө», тактап айтканда, жолдорду, аэропортторду жана темир жолдорду тосууга чакырды.
«Биздин кыймыл жеңишпе жетпей бүтүп калбашы керек. Эртеңки күндөн баштап жарандык баш ийбөөнүн кескин аракеттери башталат», — деп билдирген Пашинян.
«Спутник Армения» басылмасы 2-майда Ереванда кыймыл «токтоп» калганын билдирген. Каршылыкка чыккандар шаар көчөлөрүн, Ереван аэропортуна барчу жолду, шаар метросун жана темир жолдорду бууп алышкан.
Эми эмне болот?
Армениянын конституциясы боюнча, премьер-министрлик кызматка кезектеги талапкерди кароо 8-майда өтүшү керек. Оппозициялык «Елк» кыймылы Пашинянды кайрадан бул кызматка көрсөтө алат.
Эгерде кезектеги аракет да ийгиликке жеткирбесе, анда президент парламентти отставкага кетирип, кезексиз шайлоо дайындоого мажбур болуп калат.
Армениядагы каршылык акциясы
Никол Пашинян өлкөдө 13-апрелде башталган нечен миңдеген каршылык акциясын жетектеп чыккан. Оппозиция мурда 10 жылдай Армениянын президенти болгон Серж Саргсяндын премьер-министрлик кызматка дайындалышына каршы чыккан.
Саргсян өзүнүн экинчи преизенттик мөөнөтү аяктап жатканда конституциялык реформа өткөргөн, ошондуктан Арменияда бийлик системасы жарым президенттиктен парламенттикке өзгөргөн. Ошентип, президенттин көпчүлүк ыйгарымдары партиядан же партиялардын коалицияларынан көрсөтүлүп, шайлоодо көпчүлүк добуш алган премьер-министрдин пайдасына өткөн.
Каршылык билдирүүлөргө карабастан, парламент өкмөт башчылыкка Серж Саргсянды шайлаган. Ошол учурда Никол Пашинян каршылык акциясы уланаарын билдирип, аларды «баркыт революциясы» деп атаган.
Серж Саргсян каршылык билдирүүлөрдүн шартында 23-апрелде отставкага кеткен. Буга карабастан, оппозиция мурдараак Саргсянды премьерликке шайлаган парламентте кайра шайлоо өтүүсүн талап кылып, нааразылык акциясын уланткан.