Нариман Түлеев менен Алмазбек Атамбаев. «Азаттык» үналгысынын коллажы

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчылыктан кеткенден кийин ага кызматташуу сунуштаганын билдирди. Бирок Атамбаевдин партиясы муну четке кагууда. Саясатчылардын ортосундагы талаш-тартыш экөө тең каттарды графалогиялык экспертизадан өткөрүүгө даяр экендиктерине чейин жеткирди. Дегеле эмне болуп жатканын түшүндүрөбүз?

Саясатчылардын ортосундагы талаш-тартыш Атамбаевдин адамдары экс-президент өз кызматынан кеткенден кийин ага кызматташуу сунушташкан деп билдирген Түлеевдин интервьюсунан кийин башталып кеткен. Ал эми Түлеев өзү Атамбаевдин учурунда коррупция үчүн жазасын тартып, бүгүнкү күнгө чейин өзүнө каршы ишти «саясий куугунтук» деп эсептеп келет.

Атамбаевдин КСДП партиясы дароо эле кызтташтык жөнүндө кандайдыр бир сунуштарды четке какты. Партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Түлеев «кара пиардын курмандыгы» болуп калган жана Атамбаевдин айланасындагылардан эч ким ага кызматташтык сунуштаган эмес.

КСДП Түлеевдин Атамбаевдин дарегине катын жарыялоо менен реакция кылды, ал катта мурдагы мэр жардам сураган: «Мени кечирип коюңуз, менден чоң кемчилик кетти!!! Ташполот атамдан ажырадым, апам төшөктө жатат. Бир кезде айттыңыз эле "иним мен да сага жардам берем деп" , ошол жардамыңызды сурап жатам байке».

Түлеев жарыяланган катка жооп берип, ал жасалма деп билдирди — саясатчынын айтымында, ал эч качан Атамбаевге кайрылган эмес жана кечирим суроого негиз жок. Далил катарында мурдагы мэр өзүнүн кол жазмасынын үлгүсүн чыгарып, экспертиза өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

КСДПда бул чыныгы кат экенин айтуу менен бирге экспертизага да макул болду: «Коюлган колдор окшош экенин көрүп жатабыз. Дал ушул нерсе эки катка тең Түлеев өзү кол койгон деген ойго түртөт».

КСДПнын басма сөз кызматы жарыялаган кат

Ошондой эле, Түлеев «Азаттыктын» эфиринде Атамбаев менен жекеме-жеке жолугушууга даяр экенин билдирди.

«Ачык түрдө бардык түшүнбөстүктөрдү көзмө-көз, мен ыктымал кечирим сураганымды, бардык маселелерди, менин кылмыш ишиме байланыштууларды, жана башкаларды, өлкөдө акыркы жылдары эмне болгондордун бардыгын талкуулаганга даярмын», — деди Түлеев.

Түлеевдин өзүнүн каты.