Текебаев ишин кайра карап чыгууну өтүндү

«Ата Мекен» партиясынын соттолгон лидери Өмүрбек Текебаев ырайымды эмес, анын ишин кайра карап чыгууну талап кылууда. Анткени ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жэнбековдон саясатчыга ырайым көрсөтүүнү суранган.

Адвокат Искен Афиджанов Текебаев өзү да жана анын адвокаттары да саясатчыга тагылган айыпты моюнга албаганын жана эч кандай ырайым сурап кайрылбаганын «Азаттык» үналгысына курган маегинде айтты. «Биз кечирим суроого негиз жок. Себеби биздин эч айыбыбыз жок», —  деди ал.

Афиджановдун айтымында, ырайым суроо жөнүндө идея — бул акыйкатчынын жеке идеясы жана Конституцияга ылайык, президент Текебаевге анын каалоосу жок деле ырайым көрсөтө алат.

«Ата Мекен» партиясынын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Текебаев кылмыш ишти кайра ачылган жагдайлар боюнча карап чыгууну талап кылып жатканын «24.kg» басылмасына айткан.

Анын айтымында, ишти кайра кароо үчүн бардык документтер чогултулган. Азыр алар расмий түрдө Кыргызстандын президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиевдин жообун күтүп атышат.

«Турусбек Коёналиев өкмөт үйүндөгү № 306 бөлмөдө 2010-жылы Алмазбек Атамбаев олтурганын такташ керек. Аны сотто бир топ күбөлөр ырасташкан. Ал эми Алексей Модин менен Леонид Маевский өз көрсөтмөлөрүндө Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөсү катары көрсөтүшкөн», — дейт ал.

Видеого тартылып алынган тергөө эксперименти учурунда Маевский 2010-жылы Убактылуу өкмөт иштеген өкмөт үйүндөгү иш бөлмөнү көрсөткөн. Жактоочу тарап Маекский көрсөткөн бөлмөдө Алмазбек Атамбаев иштеген деп ырастаган.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев президент Сооронбай Жээнбековго Текебаевге ырайым кылып, саясатчыны абактан бошотуу суранычы менен кайрылган. Оторбаев президенттен Текебаевдин Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына байланыштуу абактан чыгарууну суранган. Ырайым көрсөтүү боюнча комиссия акыйкатчынын суранычын карап чыгат.


ТЕМА БОЮНЧА: