УКМК Шадиевдин мүлкүн камакка алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин мүлкүн камакка алды. Анда 20дан ашуун банк эсептери, кыймылсыз мүлк жана онго жакын компаниядагы үлүштөрү бар. Аткаминерге карата кылмыш иши 2018-жылы апрелде козголуп, ал «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» боюнча айыпталууда.

Башкы прокуратура менен УКМК мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн камакка алды.

ResPublica басылмасы жарыяланган токтомго ылайык, мүлк «конфискациялоо ыктымалдыгы боюнча өкүмдүн аткарылышын камсыздоо максатында» камакка алынган. УКМК токтомдун аныктыгын тастыктады — документ 29-апрелде чыгарылган.

Камакка 20дан ашуун банк эсебиндеги акча жана үлүштөр алынат — бул онго чукул компаниянын 33 пайыздан 100 пайызга чейинки үлүшүн түзөт.

Мындан тышкары, Шадиевдин кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү камакка алынат. Алар: «Тойота Лэндкрузер 150», Орто-Сай айлындагы эки үй, Бишкектеги эки батир жана жашоого ылайыкталбаган орун жай.

Шадиевдин жардамчысынын айтымында, кылмыш иши козголгонго чейин бир күн мурда экс-вице-премьер-министр жүрөгүнө операция жасатыш үчүн Кыргызстандан чыгып кеткен, бирок УКМК аткаминер өлкөдөн кетпегенин ырастаган.

Аскарбек Шадиевге Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 2 млн сомдун уурдалышынын айынан козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылууда. Ага карата кылмыш иши 2018-жылы 28-апрелде ачылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закиров Чынгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн эки миллион сомду «өзүнө ыйгарып» алган. Ал эми тергөөчүлөр Шадиев Закировдун акча бөлүп берүү боюнча документке сыйлык берилбесин «билип туруп» кол коюп берген деп эсептөөдө.

Закировго каршы «Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу» жана «Документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ал УКМКга караштуу тергөө изоляторунда камакта.

Шадиев 2018-жылдын апрелинде бул иш боюнча «адилеттүү жана калыс иликтөөнү» камсыздаш үчүн биринчи вице-премьер-министрлик кызматтан кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: