«Акылдуу шаар» деген эмне жана бийлик аны кантип Кыргызстанда ишке ашырууда?

Жаңы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзүнө чейинки өкмөт башчы Сапар Исаковдун «Таза коом» программасы жана «Акылдуу шаар» долбоору боюнча ишин улантаарын билдирди. Эмне үчүн бардыгы тең «Акылдуу шаар» жөнүндө айтып жатканын жана бийлик аны кантип жүзөгө ашырып атканын түшүндүрөбүз.

«Акылдуу шаар» деген эмне?

«Акылдуу шаар» — бул отставкага кетирилген премьер-министр Сапар Исаков жана анын командасы үстүнөн жигердүү иштеген мамлекеттик «Таза коом» программасынын бир бөлүгү.

«Акылдуу шаар» өзүнө жарандарга мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта алууга, андан сырткары, кыргызстандыктардын коопсуздугу менен ыңгайлуулугун жогорулата турган көптөгөн майда-чүйдө долбоорлорду камтыйт.

Кызматтарды электрондук платформалар аркылуу алуу жарандар үчүн ыңгайлуурак болуп, андан тышкары, маморгандардын ачыктыгы менен натыйжалуулугун жогорулатат деп божомолдонууда. Бийлик жарандар маморгандардын кызматкерлери менен аз кызматташа башташынын эсебинен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тармагында коррупциянын деңгээлин азайтууну пландоодо.

Өкмөт жарандардын коопсуздугун эреже бузууларды каттаган фото жана видеобайкоо камераларын орнотуу аркылуу камсыздоону пландап атат. Видеобайкоо системасы бийликке тобокелдиктерди божомолдоп, аларды жоюу үчүн керектүү чараларды кабыл алууга жардам берет.

«Акылдуу шаарды» дайыма Сапар Исаковго чейин эле жүзөгө ашырууга аракет кылышкан «Коопсуз шаар» менен алмаштырышат. Бирок «Коопсуз шаар» — бул болгону «Акылдуу шаардын» компонеттеринин бири.

Коопсуз шаар

Апрелдин башында бийлик Бишкектин үч кесилишинде Фрунзе-Ибраимов, Байтик Баатыр-Горький жана Байтик Баатыр-Ахунбаев көчөлөрүндө фото жана видеобайкоо камераларын орноткон.

Үч ай аралыгында алар сыноо тартибинде иштейт. Азыркы баскычта фото жана видеобайкоо камералар жол кыймылынын эреже бузууларын каттап жатат.

Камералар инспекторлор жол кыймыл эрежесин ким жана кантип бузганын, андан сырткары протоколдор туралуу жана эреже бузган айдоочунун өзү жөнүндө маалыматтарды көрө алыша турган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) электрондук порталы менен байланышкан. Мамлекеттик номер аркылуу эреже бузган айдоочу аныкталып, андан соң анын почтасына штраф түшөт.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына азырынча айдочулар камералар каттаган эреже бузуулар үчүн штарфтарды алыша электигин билдирди.

«Азыр камералар жол кыймыл эреже бузууларын каттап жатат, бирок азырынча сыноо тартибинде», — деп билдиришти ведомстводон.

Авто унаа ээлери электрондук кызмат көрсөтүүлөр сайтында ал жол эрежесин бузган же бузбаганын жана алар үчүн штраф жазылган же жазылбаганын текшере алышат.

Штраф унаанын факт жүзүндөгү ээсине келиши үчүн бийлик айдоочуларды машиналарын өздөрүнө кайра каттатууга милдеттендирип атат.

Азыр көптөгөн айдоочулар машина сатып алып, ошол эле маалда аны өзүнө каттатпастан, машинаны ишеним кат боюнча башкарышууда. Авто унаа ээлери машиналарын бул кызматтын баасы кымбаттыгынан өздөрүнө каттатышпайт, ошондуктан бийлик авто унааны каттатуунун баасын эки айга төмөндөттү.

Демек бийлик штрафтар машианын расмий эмес, факт жүзүндөгү ээсине келип туруусуна жетүүнү каалап атат. Кийинчерээк патрулдук милициянын кызматкерлери өздөрүнө каттатылбаган машинаны айдап жүргөн айдоочуларга штраф сала баштайт.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 12-апрелде жол кыймыл эрежесин бузгандар үчүн ЖКККББнын порталы болжолдуу кандай иштеши мүмкүндүгүн көрсөттү.

Бийликтин планы боюнча, келечекте камералар бир гана жол кыймыл эреже бузгандарды издебестен, коомдук коопсуздукка да көзөмөл кылат. Бул үчүн адамдын жүзүн жана «адамдардын адаттан тышкаркы жүрүм-турумун» тааный алган программалык камсыздоо иштеп чыгуу зарыл.

«Элестетип көрсөңөр, кылмыштуулуктун саны кескин кыскарып кетет. Биз жада калса акчаны аябастан инвесторлордон адамдын жүзүн тааныган функция иштетилишин сурандык. Ал жакта жасалма интеллект бар. Силер жөн гана ситемага сүрөттү киргизсеңер, система шаар бою адамды издей баштайт», — деп айткан Сапар Исаков долбоордун бетачаарында.

Бирок 2018-жылдын март айынын ортосунда Исаковдун өкмөтү долбоордун башкы инвестору болгон Кытайдын «Хуавэй» компаниясы менен келишимди үзгөн. Азырынча бийлик «Коопсуз шаарды» өз күчү менен ишке ашырууда. Бул долбоор 60 млн долларга бааланган.

Өкмөттө «Коопсуз шаарды» аналитикалык система менен бирдиктүү санарип башкаруу платформасы өнүктүрүлчү «Акылдуу шаардын» базалык платформасы деп аташууда.

«Акылдуу шаардын» башка компоненттери

«Акылдуу шаар» — бул бир гана «Коопсуз шаар» эмес — бул турак-жай-коммуналдык чарбаны, мамкызмат көрсөтүүлөрдү, билим берүүнү жана саламаттык сактоону камтыган башка да долбоорлор.

Мисалы, бийлик пилоттук тартипте «Гибриддик почтаны» ишке берди — бул долбоор 2017-жылдын ноябрынан тарта Бишкектин кичи райондорунда иштеп атат. Жашоочуларга бардык коммуналдык кызматтар боюнча жалпы дүмүрчөк келет.

Башында долбоор 5-кичи райондо, андан соң 3,4 жана 7-кичи райондордо ишке киргизилди. Расмий маалыматтар боюнча, бишкектиктердин 16 миңи «Гибриддик почтанын» кызматтары менен кодоно баштаган.

Бийлик 2018-жылдын аягына чейин бүтүндөй Бишкекти «Гибриддик почтага» өткөрүүнү, андан соң долбоорду Ошко жана Кыргызстандын башка шаарларына киргизүүнү пландоодо.

«Калкты тейлөө борборлору» (КТБ) да «Акылуу шаар» долбооруна кирет. 2017-жылы өлкө боюнча электрондук маалымат базасы, электрондук кезек күтүү жана келген кардарлар менен иштешүү үчүн консультанттары бар 17 КТБ ачылган. Бийлик жаңы КТБларда кезек күтүүнүн убактысы үч-төрт сааттан жарым саатка чейин кыскарды деп билдирүүдө,

Мындан тышкары, өкмөт пилоттук тартипте жол кыймыл эрежесин бузу үчүн чегерилген штрафтардын бар же жогун, дипломдун аныктыгын, үй-бүлөлүк макамды жана башкаларды текшерүүгө мүмкүн Мамкызматтардын порталын ишке киргизген. Бийликтин ою боюнча, портал аркылуу паспорт алууга документтерди тапшырып, башка мамлекеттик мекелердин кызматтары менен колдонсо болот.

Өкмөт «Акылдуу шаар» боюнча башка долбоордордун үстүндөда иштеп жатат. Азыр ал бардык мамлекеттик органдардын жумушу тууралуу ачык маалыматтар порталын иштеп чыгып, коомдук мейкиндикти абаттоонун бирдиктүү стандарттарын аныктай турган «Шаардын бирдиктүү жүзү» долбоорун ишке ашырып атат.

Бийлик мектептерди интернет, компьютер жана мультимедиа каражаттары менен камсыздоону, андан сырткары, окуу жайларды электрондук башкарууну шарттаган «Акылдуу мектеп» пилоттук долбоору аркылуу технологияларды билим берүү системасына да киргизүүнү пландап жатат.

Медицина тармагына да санарип технологиялар киргизилип, ал бейтаптардын реестрин түзүүдөн, андан тышкары, Улуттук онкология жана гематология борборунда аларды тейлөөнү автоматташтыруудан баштоону пландоодо.

ТЕМА БОЮНЧА: